КР БШКсы Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизди

22 октября 2025

Бүгүн, 22-октябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү маселеси каралып, тиешелүү чечим кабыл алынды.
Комиссиянын курамынан С.С.Дыйканбаева жана А.А.Абдыкадыров (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынан) берген арыздарынын негизинде чыгарылды.
Комиссиянын курамына резервден Т.А.Төлөнов жана Ж.Ж.Сайпидинов (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынан) киргизилди.