КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров Кыргызстандагы бир катар мамлекеттердин элчилери жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушту
20 октября 2025
Бүгүн, 20-октябрда, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров Япония, Швейцария, Корея, Венгрия, Индия, Түркия, Кытай жана башка мамлекеттердин Кыргызстандагы Атайын жана Толук ыйгарым укуктуу элчилери, ошондой эле эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүп, 2025-жылдын 30-ноябрына дайындалган Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого даярдык боюнча маалымат берди.
Дипломатиялык миссиялардын өкүлдөрү негизги уюштуруучулук жана укуктук аспектилер, ачык-айкындуулукту камсыз кылуу чаралары, эл аралык байкоо жүргүзүү, ошондой эле аралыктан добуш берүү технологияларын колдонуу маселелери менен таанышышты.
Ачык диалогдун жүрүшүндө дипломатиялык миссиялардын өкүлдөрү жеке маалыматтарды коргоо, алдын ала жана расмий жыйынтыктарды эсептөө тартиби, шайлоо күрөөсү жана аралыктан добуш берүүнүн техникалык процедуралары тууралуу суроолорду беришти.
Жолугушуунун соңунда катышуучулар шайлоо жабдууларынын иши менен таанышып, аралыктан добуш берүү процесси кандай жүрөрүн көрүштү жана анын функционалдык мүмкүнчүлүктөрү боюнча толук маалымат алышты.








