КР БШК Талас шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизди
18 октября 2025
Бүгүн, 18-октябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында Талас шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү маселеси каралып, тиешелүү чечим кабыл алынды.
Комиссиянын курамынан Т.А. Жуманалиев (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) берген арызынын негизинде чыгарылды.
Комиссиянын курамына резервден А.Ш. Шукиев (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди
