КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров Жогорку Кеңешке депутаттыкка талапкер болууну каалаган жарандарды документтерди тапшырууну тездетүүгө чакырды

17 октября 2025

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров Жогорку Кеңештин мөөнөтүнөн мурда өтө турган шайлоого катышууну каалаган жарандарга кайрылып, талапкер катары каттоодон өтүү үчүн документтерди БШКга тапшырууну тездетүүгө чакырды.
Бүгүн, 17-октябрда, Борбордук шайлоо комиссиясы депутаттыкка талапкерлерди каттоону баштады. Учурда 11 талапкер каттоодон өттү.
Тынчтык Шайназаров документтерди өз убагында тапшыруу жана каттоо жол-жобосунан өтүү жөн гана формалдуулук эмес, бул - кезек күтүү сыяктуу маселелерди алдын алуу, бардык деталдарды тактап алып, үгүт кампаниясына тынч даярданууга мүмкүнчүлүк берген маанилүү уюштуруучулук этап экенин баса белгиледи.
«Биз талапкерлерди акыркы күнгө чейин создуктурбай, документтерди тапшырууну тездетүүгө чакырабыз. Көпчүлүк адамдар бардык иштерди акыркы мүнөттө бүтүргөндү туура көрүшөт, бирок талапкер документтерин канчалык эрте тапшырса, мүмкүн болгон катачылыктарды жана жетишпеген документтерди оңдоого ошончолук убактысы жетиштүү болот. Бул сиздин кесипкөйлүгүңүздүн, шайлоочуларга болгон урмат-сыйыңыздын жана даяр экениңизге болгон ишенимдин көрсөткүчү», - деп белгиледи КР БШК төрагасы.
Ал “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамдын 64-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, көп мандаттуу шайлоо округу боюнча шайланган болуп тиешелүү аймактык шайлоо округунун добуш берүүгө катышкан шайлоочуларынын эң көп сандагы добушун алган үч талапкер таанылат. Талапкерлердин алган добуштары бирдей болгондо көп мандаттуу шайлоо округу боюнча шайланган болуп каттоо үчүн документтердин топтомун датасы жана убактысы боюнча эрте берген талапкер эсептелет.
«Кээде шайлоочунун добушу гана эмес, талапкердин бүгүнкү ыкчамдыгы да чечүүчү фактор болуп калат», - деп баса белгиледи Тынчтык Шайназаров.