КР БШК Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын, № 14, 29 округдук шайлоо комиссияларынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизди

14 октября 2025

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында бүгүн, 14-октябрда Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын № 14, 29 округдук шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү маселеси каралып, тиешелүү чечим кабыл алынды.

Токтогул аймактык шайлоо комиссиясы:

- комиссиянын курамынан Акулуев К.К. (жергиликтүү өз алдынча башкаруу өкүлчүлүк органынан) берилген арыздарынын негизинде чыгарылды;

- комиссиянын курамына резервден Тургумбаева Б. К. (жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынан) киргизилди.

№ 14 округдук шайлоо комиссиясы:

- комиссиянын курамынан Акулуев К.К. чыгарылды;

- комиссиянын курамына Жумаев К.К. киргизилди.

№ 29 округдук шайлоо комиссиясы:

- комиссиянын курамынан Абышов А.Т. чыгарылды;

- комиссиянын курамына Сейдинова Д.К. киргизилди.