КР БШК Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады
09 октября 2025
Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңешке депутаттыкка талапкерлигин койгон жарандардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады:
- №4 шайлоо округу боюнча талапкер Мадмарова Эльнара Абдувалиевнанын ыйгарым укуктуу өкүлү: шайлоо маселелери боюнча Т.М. Саиткасимов;
- № 22 шайлоо округу боюнча талапкер Кожокулова Гуля Акматкуловнанын ыйгарым укуктуу өкүлү: шайлоо маселелери боюнча И.С. Осмонов;
- №13 шайлоо округу боюнча талапкер Карабекова Айгул Асановнанын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: каржы маселелери боюнча Р.Ж. Оморов жана шайлоо маселелери боюнча М.М. Абдивалиев;
- №14 шайлоо округу боюнча талапкер Утурбаева Мариякан Төлөгөновнанын ыйгарым укуктуу өкүлү: каржы маселелери боюнча Р.Т. Келдейбаева;
- №28 шайлоо округу боюнча талапкер Жунушбаева Рахат Мырзабековнанын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо маселелери боюнча А.Ж. Манжиева жана каржы маселелери боюнча Г.В. Сурминова;
- №12 шайлоо округу боюнча талапкер Абдыкаров Тойгонбай Жоробаевичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо маселелери боюнча Т.А. Орозалиев жана каржы маселелери боюнча М.Ч. Омурзаков;
- № 20 шайлоо округу боюнча талапкер Атамбаев Сеидбек Алмазбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо маселелери боюнча А.У. Умаров жана каржы маселелери боюнча Ж.Б. Исаева.
Талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүктөрү берилет.
