КР БШК мөөнөтүнөн мурда өтчү парламенттик шайлоого карата алдын ала шайлоочулардын тизмесин жарыялады

04 октября 2025

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2025-жылдын 30-ноябрына дайындалган Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого карата алдын ала шайлоочулардын тизмесин жарыялады.

Кыргыз Республикасы боюнча алдын ала тизме 4 287 222 шайлоочуну камтыйт.

Алдын ала шайлоочулардын тизмеси кагаз түрүндө 2025-жылдын 14-октябрына чейин өлкөдөгү 2492 шайлоо участкасында илинет.

Бул тизме Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Иш башкармалыгынын алдындагы «Кызмат» мамлекеттик мекемеси (ММ «Кызмат») тарабынан Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестриндеги (КБМР) маалыматтардын негизинде түзүлүп, Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан мамлекеттик «Тизме» порталына (https://tizme.gov.kg/) жайгаштырылды.

Шайлоочулардын тизмесин актуалдаштыруу шайлоо маалында күн сайын жүргүзүлөт. Бул иш Борбордук шайлоо комиссиясы менен ММ «Кызмат» (калкты каттоо жана документтештирүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) биргеликте ишке ашырат.

Шайлоочу өзүн тизмеден 2025-жылдын 19-ноябрына чейин (кошо алганда) текшере алат:

 • 1255 же 119 кыска номерлерине чалып;

 • шайлоо участогунан;

 • «tizme.gov.kg» сайтынан;

 • же ПИН-кодун (жарандык паспорттогу персоналдык идентификациялык номер) 119 кыска номерине SMS түрүндө жөнөтүп, жооп катары өзүнүн шайлоо участкасынын номери менен дарегин ала алат (SMS жана чалуулар акысыз).

Кандайдыр бир каталарды же так эместикти тапкан учурда, шайлоочу 2025-жылдын 19-ноябрына чейин (кошуп алганда) электрондук форматта мыйзамдарда белгиленген тартипте авторлоштуруудан өтүп, “tizme.gov.kg” сайтында «Шайлоочунун кабинети» сервиси аркылуу арыз менен кайрылууга укуктуу.

Шайлоочулардын тизмесинде жок болгон учурда, биометрикалык каттоодон өтпөгөн жарандар Калкты тейлөө борборлорунан (КТБ - ЦОН) бул жол-жободон өтө алышат.