КР БШК жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
30 сентября 2025
Бүгүн, 30-сентябрда КР БШК Ак-Талаа, Жайыл, Сүлүктү, Кара-Кулжа жана Сузак аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.
Ыйгарым укуктары токтотулуп, мандаттары өткөрүлүп берилген депутаттар:
Ак-Талаа районунун Ала-Буга айылдык кеңешинин депутаты У.Т.Туташовдун ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, анын мандаты С.С Камбаровго берилди.
Ак-Талаа районунун Ала-Буга айылдык кеңешинин депутаты Аманбек уулу Улукбектин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, анын мандаты А.Ш.Мураталиевге берилди.
Жайыл районунун Ынтымак айылдык кеңешинин депутаты Н.К.Акматалиеванын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, анын мандаты Э.Б.Осмоновага берилди.
Сүлүктү шаарынын, Сүлүктү шаардык кеңешинин депутаты З.К. Акимбековдун (“Ыйман Нуру” депутаттык фракциясы) ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, анын мандаты Э.А. Базарбаевге (“Ыйман Нуру” саясий партиясы) берилди.
Кара-Кулжа районунун Ой-Тал айылдык кеңешинин депутаты Н.М. Шайлообаевдин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, анын мандаты Т.П. Пазыловго берилди.
Кара-Кулжа районунун Ой-Тал айылдык кеңешинин депутаты Сүйүнали кызы Нурперинин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, анын мандаты Өмөрбек уулу Жылдызбекке берилди.
Сузак районунун Сузак айылдык кеңешинин депутаты Н.З. Абдувахапованын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, анын мандаты Ф.Х. Умурзаковага берилди.
