БШК мектеп президентинин шайлоосун өткөрүүдө “Маариф” билим берүү комплекси менен усулдук жактан кызматташты

27 сентября 2025

КР БШКсына “Маариф” билим берүү комплекси кайрылып, мектеп президентинин шайлоосун уюштурууда усулдук жардам көрсөтүүнү суранган.

Бул кайрылуунун алкагында 2025-жылдын 26-сентябрында БШКнын өкүлдөрү билим берүү мекемесине барып, окуучулар үчүн маалыматтык-агартуу иш-чарасын өткөрүштү.

Анын жүрүшүндө окуучуларга добуш берүүнү уюштуруу тартиби, шайлоо процессинин негизги принциптери, ошондой эле шайлоонун ачык-айкындыгы менен адилеттүүлүгүн камсыз кылуунун маанилүүлүгү тууралуу кеңири түшүндүрмө берилди.

Окуучулар “депутат” түшүнүгү, талапкерлерге коюлуучу талаптар жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин курамы кандайча түзүлөрү тууралуу маалымат алышты.

Ошондой эле, чыныгы шайлоолордо колдонулуучу заманбап шайлоо жабдууларынын иштөө тартиби көрсөтүлдү.

БШКнын өкүлдөрү баса белгилегендей, келечектеги шайлоочулар катары окуучулар бүгүнтөн тартып түшүнүшү керек - ар бир добуш маанилүү, ал эми жарандардын шайлоого активдүү катышуусу  демократиянын негизин түзөт.

Теориялык бөлүктөн кийин окуучулар алган билимин практика жүзүндө бекемдеп, мектеп президенти үчүн добуш берүү жараянына катышышты.

Мындай иш-чаралар өсүп келе жаткан муундун демократиялык жараяндар боюнча туура түшүнүк калыптандыруусуна жана ар бир жарандын шайлоого катышуусунун маанилүүлүгүн аңдоосуна өбөлгө түзөт.