БШК мүчөлөрү өлкө аймактарындагы жолугушууларын жыйынтыкташты

26 сентября 2025

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басарлары жана мүчөлөрү бүгүн, 26-сентябрда, өлкөнүн аймактарындагы калк менен болгон жолугушууларын жыйынтыкташты.

Бүгүн БШКнын төрагасынын орун басары Нурлан Койчукеев Талас облусунун Манас, Бакай-Ата жана Айтматов райондорунда, БШКнын мүчөсү Абдыжапар Бекматов Ош облусунун Ош шаарында жана Ноокат районунда, ошондой эле Акбалык Жумалиева Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда жана Майлуу-Суу шаарында жолугушууларды өткөрдү.

Эскерте кетсек, 22-сентябрдан 26-сентябрга чейин Кыргызстандын бардык аймактарында жолугушуулар өтүп, анда жарандарга «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөр түшүндүрүлдү.

Жолугушууларда өзгөчө көңүл аралыктан добуш берүүнүн тартибин түшүндүрүүгө, ошондой эле «бир шайлоочу – бир талапкер – бир добуш» эрежесине бурулду.

Жолугушууларга облус жана шаар бийлигинин өкүлдөрү, акимдер, райондук уюмдар менен мекемелердин жетекчилери, айыл өкмөт башчылары, жергиликтүү кеңештердин төрагалары жана депутаттары, айыл башчылары, билим берүү мекемелеринин жетекчилери, аксакалдар кеңештери, жаштар жана аялдар кеңештери, активдүү тургундар катышышты.

Орточо алганда жолугушууларга жайгашкан жерине жараша 50дөн 400гө чейин адам катышты.

Мындан тышкары, маалыматтык-түшүндүрүү иштери жер-жерлерде дагы улантылат. Жакынкы убакта БШКнын атайын өкүлдөрү айылдык аймактардын жашоочулары менен жолугушууларды өткөрүп, ар бир шайлоочуга шайлоонун жаңы эрежелери жана өткөрүү тартиби тууралуу маалымат берүүнү камсыздашат.