Аймактарда БШК мүчөлөрүнүн жарандар менен жолугушуулары уланууда

25 сентября 2025

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөлөрү аймактарда калк менен жолугушууларды улантууда.

Бүгүн, 25-сентябрда, төмөнкү аймактарда жолугушуулар өткөрүлдү:

Нурлан Койчукеев, БШКнын төрагасынын орун басары – Талас шаарында жана Талас районунда;

Абдыжапар Бекматов – Ош облусунун Кара-Кулжа жана Өзгөн райондорунда;

Узарбек Жылкыбаев – Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунда;

Акбалык Жумалиева – Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаары жана Базар-Коргон, Сузак райондорунда;

Кайрат Маматов – Бишкек шаарында жолугушууларды өткөрдү.

Алтынбек Кубатбеков – Нарын облусунун Ак-Талаа районунда.

Бул жолугушуулар «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык Мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөрдү калк арасында түшүндүрүү максатында өткөрүлүүдө.

Жолугушууларга жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, мекеме-ишканалардын жетекчилери, айыл өкмөттөрүнүн башчылары, жергиликтүү кеңештердин депутаттары, билим берүү мекемелеринин жетекчилери, аксакалдар, жаштар жана активдүү жарандар катышты.

Жолугушуулар эртең, 26-сентябрда да улантылат.