БШК төрагасы Т. Шайназаров шайлоо мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөр боюнча түшүндүрүү иштерин активдештирүүнү тапшырды
15 сентября 2025
Бүгүн, 15-сентябрда, КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров атайын өкүлдөр, системдик администраторлор жана БШК Аппаратынын кызматкерлери менен өткөн жыйында, калк арасында түшүндүрүү иштерин активдүү жүргүзүүнү тапшырды. Бул иштер «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык Мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөргө байланыштуу жүргүзүлөт.
Төрага ар бир айылга, районго жана шаарга бир шайлоочу ар бир көп мандаттуу шайлоо округунда көрсөтүлгөн талапкерлердин ичинен бир гана талапкерге добуш бере алат деген маалыматты жеткирүү зарылдыгын баса белгиледи.
«Калктын арасында 30 көп мандаттуу округдун ар биринен үч депутат шайланат, демек бюллетенде жалпы талапкерлердин ичинен үчөөнө белги коюу керек, деген туура эмес түшүнүк болууда. Ар бир шайлоочу бюллетенде бир эле талапкерге белги коё алат. Болбосо, бюллетень жараксыз деп табылат», - деп түшүндүрдү Т. Шайназаров.
Ал жер-жерлердеги атайын өкүлдөрдү айыл өкмөттөр жана башка жергиликтүү бийлик органдары менен тыгыз кызматташып, бул маалыматты ар бир жаранга жеткирүүгө чакырды.












