КР БШК эскертет: шылуундардан сак болуңуздар!
09 сентября 2025
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы маалымдайт: акыркы убакта WhatsApp мессенжеринде жана башка социалдык тармактарда алдамчылык учурлары көбөйдү.
Шылуундар КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаровдун сүрөттөрүн колдонуп, жасалма баракчаларды түзүп, анын атынан саясатчыларга, жергиликтүү кеңештердин депутаттарына жана жарандарга ар кандай мүнөздөгү билдирүүлөрдү жөнөтүп жатышат.
КР БШК расмий түрдө билдирет: комиссиянын бардык ишмердүүлүгү мыйзамдын алкагында гана жүргүзүлөт. Мындай кайрылуулар толугу менен алдамчылык болуп саналат жана КР БШКга эч кандай тиешеси жок.
Биз бардык жарандарды бул сыяктуу окуяларга туш болгон учурда дароо укук коргоо органдарына кайрылууга чакырабыз.
Санариптик технологиялар доорунда өзгөчө сак болуу жана маалыматтар менен булактардын ишенимдүүлүгүн текшерүү абдан маанилүү.

