КР БШКсы шайлоону техникалык камсыздоо боюнча даярдык иштерин жүргүзүүдө
09 сентября 2025
Шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, КР БШКсы шайлоочуларды реалдуу убакыт тартибинде онлайн-идентификациялоо системасын ишке киргизүүдө. Бул жарандарга учурда жашап жаткан жеринен добуш берүү мүмкүнчүлүгүн берет, ал эми шайлоо бюллетени алардын каттоо дареги аркылуу тастыкталган шайлоо округу боюнча басып чыгарылат.
Учурда КР БШКсы идентификациялоо системасын, шайлоо жабдууларынын бардык түрлөрүн жана башка маалыматтык ресурстарды модернизациялоо иштерин жүргүзүүдө.
Шайлоо процессинде колдонулуучу системаларды жана шайлоо жабдууларын жакшыртуу боюнча бардык маселелер сакталуусун, бүтүндүгүн жана коопсуздугун камсыздоону эске алуу менен ишке ашырылууда. Ошондой эле маалыматтык системалардын киберкоопсуздугун камсыздоо боюнча да иштер жүргүзүлүүдө.
Аткарылып жаткан иштердин алкагында, КР БШКнын системдик администраторлору шайлоочулар жөнүндө маалыматтарды, шайлоо участкаларынын чек аралары боюнча картографиялык маалыматтарды актуалдаштырып, тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларындагы компьютердик жана перифериялык жабдуулардын сакталышын камсыздоодо.
2025-жылдын август айында жана сентябрь айынын башында КР БШКсы онлайн-идентификация системасын жана жаңыланган шайлоо жабдууларын тестирлөө, аларды колдонууну үйрөтүү боюнча бир катар иш-чараларды жүргүздү.
Бишкек жана Чүй облусунда 200 участкалык шайлоо комиссиясынын катышуусу менен тестирлөө уюштурулду. Системаны тестирлөөнүн жүрүшүндө 4 687 адам онлайн-идентификациядан өттү.
КР БШКнын маалыматына ылайык, шайлоо процессинде колдонулуучу маалыматтык системалар, шайлоо жабдуулары жана башка техникалык каражаттар толук текшерүүдөн өтүүдө.
































