Кыргызстанда кийинки ЖК шайлоосу 30 шайлоо округуна бөлүнөт, ал үчүн атайын программалык камсыздоо иштелип чыгууда

02 сентября 2025

КРнын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кийинки шайлоодо Кыргызстан 30 округга бөлүнөт. Буга ылайык, учурда атайын программалык камсыздоо иштелип жатат. Бул тууралуу КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров “Азаттыкка” берген маегинде билдирди.

“КР БШКнын ишмердүүлүгүнө токтолуп кетсек, биз бир шайлоону, мисалы, ЖК депутаттарынын шайлоосун өткөргөндөн кийин президенттик шайлоого даярданышыбыз керек. Ал убакытты талап кылат. Ал үчүн программалык камсыздоону өзгөртүп, жаңы программалык камсыздоону түзүшүбүз керек. Мисалы, ЖК депутаттарын кийинки шайлоодо Кыргызстан 30 округга бөлүнөт. Ошого жараша биз программалык камсыздоону иштеп чыгуудабыз. Ал бүткөндөн кийин, президенттик шайлоо болсо, ага башка программалык камсыздоону жасап бүтүрүшүбүз керек. Бизде 7 миңге жакын идентификациялоо жана бюллетенди басып чыгаруу жабдуулары бар. Анын ар бирин биз ревизия кылып чыгышыбыз керек. Бул да убакытты талап кылат. Эгерде ЖК депутаттары Жанар Акаевдин демилгесин колдоп, шайлоо быйыл эле өтө турган болсо, мен айтат элем, БШК ошол ЖК депутаттарын шайлоо кампаниясын өткөрүүгө толук кандуу даяр”, - деп белгиледи Тынчтык Шайназаров.