КР БШКда депутаттыкка талапкерлердин билимин тастыктоо тартиби талкууланды
27 августа 2025
2025-жылдын 27-августунда КР БШКда Агартуу министрлигинин, Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин жана "Кызмат" МИнин өкүлдөрү менен "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" конституциялык Мыйзамында каралган ченемдерди ишке ашыруу маселелери боюнча жумушчу жолугушуу болуп өттү.
Жолугушууга КР БШК төрагасынын орун басары А.С. Жупуева, КР Агартуу министринин орун басары Д.А. Махметкулов, КР Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин орун басары Н.К. Омуров, КР Агартуу министрлигине караштуу Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаментинин директору Б.С. Шамшидинова, мониторинг жана баалоо бөлүмүнүн башчысы С.К.Умралиева, КР Президентинин Иш башкармалыгына караштуу «Кызмат» мамлекеттик мекемесинин долбоордук бөлүмүнүн менеджери З.А. Замирбекова, ошондой эле КР БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.
Талкуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин жогорку билиминин аныктыгын текшерүүдө КР БШКсы менен министрликтердин ортосундагы өз ара аракеттенүү жана маалымат алмашуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Жолугушуунун катышуучулары жогорку билими тууралуу маалыматтарды берүү тартибин, ошондой эле чет өлкөлүк окуу жайлары тарабынан берилген дипломдорду текшерүү тартибин кеңири карап чыгышты. Чет өлкөлүк дипломдор берилген учурда нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн котормосунун же апостилинин болушу милдеттүү шарт экени өзүнчө белгиленди. Министрликтердин өкүлдөрү мындай документтерди алуу, текшерүү жана тастыктоо механизмин учурдагы мыйзамдарга ылайык кеңири түшүндүрүп беришти.
Жолугушуунун негизги максаты — талапкерлер боюнча билим берүү тууралуу маалыматты берүү үчүн жооптуу органды тактоо болду. Талкуунун жыйынтыгында КР БШК түздөн-түз Агартуу министрлигине караштуу Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаменти менен өз ара иш алып барары тууралуу чечим кабыл алынды.
Министрликтердин өкүлдөрү КР БШК менен тыгыз кызматташууга даяр экендигин билдиришти жана мыйзам чегиндеги бардык милдеттерди белгиленген мөөнөттөрдө аткарууга милдеттенмелерин ырасташты.
Жолугушуунун соңунда КР БШКнын төрагасынын орун басары Айдана Жупуева министрликтердин өкүлдөрүнө активдүү катышуусу үчүн ыраазычылык билдирип, талапкерлерге карата мыйзамда белгиленген талаптарды так сактоо, жарандардын шайлоо укуктарын камсыздоонун жана шайлоо процесстерин ачыктык жана мыйзамдуулук принциптеринде өткөрүүнүн негизги шарттары болуп эсептелерин баса белгиледи.
