КР БШКнын төрагасы «БУУ-Аялдар» түзүмүнүн Кыргызстандагы өкүлү менен жолугушту
24 июля 2025
2025-жылдын 24-июлунда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясында төрага Тынчтык Шайназаров менен «БУУ-Аялдар» түзүмүнүн Кыргызстандагы өкүлү доктор Сайед Садиктин жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушууда тараптар өз ара кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын талкуулап, аялдардын шайлоо процесстерине катышуусун кеңейтүү маселелери боюнча пикир алмашышты жана мындан аркы кызматташуунун жолдорун белгилешти.
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров «БУУ-Аялдар» өкүлүнө аялдардын шайлоолорго активдүү катышуусун камсыздоо боюнча БШК тарабынан көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берди. Тактап айтканда, учурдагы мыйзамдарга ылайык, Жогорку Кеңештеги 90 депутаттын 30дан кем эмеси аял болушу керектигин белгиледи.
Бүгүнкү күндө Жогорку Кеңештеги аял депутаттардын үлүшү 22%ды, жергиликтүү кеңештерде болсо 39,76%ды түзөт.
Доктор Сайед Садик бул көрсөткүчтөрдү Кыргыз Республикасынын БШКсынын гендердик теңчилик багытындагы ырааттуу жана системалуу ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы катары баалап, бул жааттагы демилгелерди ар тараптан колдоого даяр экендигин билдирди.
Жолугушуунун соңунда тараптар Кыргыз Республикасындагы демократиялык процесстерди бекемдөө үчүн өнөктөштүктү өз ара өнүктүрүүгө кызыкдар экендиктерин ырасташты.
