БШКда чет өлкөдө жүргөн жарандардын шайлоо укуктарын камсыздоо маселелери боюнча ТИМ жана “Кызмат” мамлекеттик мекемесинин өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү

24 июля 2025

2025-жылдын 24-июлунда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясында төрага ТШайназаровдун жетекчилиги алдында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары А. Имангазиев жана “Кызмат” мамлекеттик мекемесинин директорунун орун басары Н. Айдиев менен жолугушуу болуп өттү.

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров “Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамга киргизилген негизги өзгөртүүлөр тууралуу маалымат берди. Ал бул өзгөртүүлөр шайлоочулардын шайлоого активдүү катышуусун камсыздоого, ошондой эле чет өлкөдө жүргөн жарандардын да шайлоого катышуусун жогорулатууга багытталганын баса белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөрдү эске алуу менен чет өлкөлөрдө жүргөн жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашыруу маселелери талкууланып, мамлекеттик органдардын ортосундагы мындан аркы өз ара аракеттенүүнүн негизги багыттары аныкталды.

Тараптар чет өлкөдө шайлоо участокторунун санын көбөйтүү мүмкүнчүлүктөрүн жана ал жакта жүргөн жарандарды маалымдоо чараларын да талкуулашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар бул багытта өз ара тыгыз кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти.