Бишкек шаарында эл аралык жыйын өтүп, жаңы шайлоо модели жана парламентаризмдин келечеги талкууланды
23 июня 2025
2025-жылдын 23-июнда Бишкек шаарында «Кыргыз Республикасынын парламентаризми: келечеги жана өркүндөтүү жолдору» деген темадагы эл аралык жыйын болуп өттү. Иш-чараны КМШ ПАА мүчө-мамлекеттеринин жарандарынын шайлоо укуктарынын сакталышына мониторинг жүргүзүү боюнча Эл аралык институту (МИМРД МПА СНГ), анын Бишкек филиалы, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши, Жогорку Кенештин алдындагы Парламентти жана демократияны өнүктүрүү борбору жана Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети биргелешип уюштурушту.
Жыйынга Жогорку Кенештин депутаттары, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, тажрыйбалуу эксперттер, илимпоздор жана коомдук ишмерлер катышып, Кыргыз Республикасындагы парламентаризмдин азыркы абалы, мыйзам чыгаруу реформалары, бийлик бутактарынын өз ара аракеттенүүсү, парламенттик дипломатия жана эл аралык мыкты тажрыйбалар тууралуу терең талкуу жүрдү.
Иш-чаранын ачылышында Жогорку Кенештин төрагасынын орун басары Жылдыз Садырбаева жана КМШ ПАА Кеңешинин катчылыгынын жетекчисинин орун басары Иван Мушкет сыяктуу жогорку даражадагы коноктор сөз сүйлөп, мындай жыйындардын мааниси жогору экенин белгилешти.
Жыйындын алкагында парламенттин туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүдөгү ролу, аялдардын мыйзам чыгаруу ишине катышуусу жана өлкөдө саясий партияларды өнүктүрүү маселелери боюнча кызыктуу баяндамалар окулду.
Талкуунун жүрүшүндө КР БШКнын мүчөсү Бахадыр Конуров “Жаңы шайлоо модели шартында парламенттик системанын легитимдүүлүгүнүн кепилдиги катары БШКнын ролу” аттуу баяндама жасады.
Ал өз сөзүндө 2025-жылдын 9-июнунда кабыл алынган конституциялык мыйзамдагы негизги реформалар тууралуу кеңири айтып берди. Ага ылайык:
- Жогорку Кеңешке 90 депутат мажоритардык негизде, 30 көп мандаттуу округдан шайланат (ар бир округдан 3 депутат);
- Бир округдан бир жыныстын экиден ашык өкүлү шайлана албайт – бул гендердик тең салмактуулукту камсыздоо максатын көздөйт;
- Талапкерлерге коюлган талаптар күчөтүлдү: жарандардын жашоо мөөнөтү, соттуулук жана диний ишмердүүлүк менен байланышкан чектөөлөр киргизилди;
- Кайтарымсыз шайлоо салымы белгиленди (300 000 сом), мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн жеңилдиктер каралган;
- Шайлоо учурунда алыстан электрондук добуш берүү ыкмасы да колдонулушу мүмкүн.
Бахадыр Конуров БШКнын бул шартта аткарып жаткан негизги иш-аракеттерин да баса белгиледи:
✅ жаңы шайлоо инфраструктурасын түзүү,
✅ аймактык жана участкалык комиссияларды окутуу,
✅ калкты маалымдоо,
✅ шайлоонун ачык жана инклюзивдүү өтүшүн камсыз кылуу,
✅ гендердик талаптардын сакталышына көз салуу.
Маанилүү иш чаранын жыйынтыгында катышуучулар эл аралык тажрыйба алмашуу парламенттик демократияны чыңдоодо абдан маанилүү экендигин белгилешип, мындай форматтагы аянтчалар Кыргызстандагы шайлоо реформаларын терең жана эксперттик деңгээлде талкуулоо үчүн чоң мүмкүнчүлүк түзөрүн айтышты.
Бул эл аралык жыйын Кыргыз Республикасынын демократиялык институттарын бекемдөө, жарандардын шайлоо укуктарын коргоо жана парламентаризмди өнүктүрүү жолунда маанилүү кадам катары бааланды.
