КР БШКда коррупцияга каршы саясат боюнча окутуу болуп өттү

30 мая 2025

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясында (БШК) «Мамлекеттик антикоррупциялык саясат: БШКдагы коррупцияны алдын алуу системасы» деген темада семинар өткөрүлдү.

Иш-чарага БШКнын борбордук аппаратынын кызматкерлери, аймактык шайлоо комиссияларындагы атайын өкүлдөр жана системалык администраторлор катышты. Семинарда коррупциянын алдын алуу жаатындагы мыйзамдардын негизги жоболору, ошондой эле 2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегиянын негизги багыттары жана приоритеттери каралды.

Семинардын жүрүшүндө КР БШК тарабынан коррупциялык тобокелдиктерди алдын алуу, ички көзөмөлдү жакшыртуу, мамлекеттик кызматчылардын этикалык стандарттарын сактоо жана кызыкчылыктардын кагылышына жол бербөө боюнча системалуу иштерге өзгөчө көңүл бурулду.

Бул семинар БШКнын коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегиянынын 1-этабын (2025-2027-ж.ж.) ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын алкагында өткөрүлдү.