КР БШКнын төрагасы Т.Шайназаров ЕККУнун Улуттук азчылыктар боюнча Жогорку комиссары К.Камп менен жолугушту

20 мая 2025

Бүгүн, 2025-жылдын 20-майында, Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчык Шайназаров ЕККУнун Улуттук азчылыктар боюнча Жогорку комиссары Кристоф Камп менен жолугушту.

Жолугушууга  ЕККУнун Улуттук азчылыктар боюнча Жогорку комиссарынын улук кеңешчиси Петер Надерер, Борбор Азия жана Кавказ аймагындагы УАЖК долбоорлорунун жетекчиси Эдин Элгсэтер, ЕККУнун Бишкек шаарындагы долбоорлорду координациялоо боюнча ассистенти Гүлжан Ермекбаева, БШКнын төрага орун басары Нурлан Койчукеев жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө ЕККУнун Улуттук азчылыктар боюнча Жогорку комиссар Кристоф Камп Кыргыз Республикасында улуттук азчылыктардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу жана аларды шайлоо процессине тартуу боюнча көрүлүп жаткан чараларга кызыгуусун билдирди.

КР БШКнын төрагасы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ар бир жаран тегине, жынысына, расасына, улутуна, майыптыгына, билимине, кызматтык жана мүлктүк абалына, диний ишенимине, саясий жана башка ишенимдерине карабастан шайлоого жана шайланууга укуктуу экенин билдирди.

Төрага КР БШК тарабынан жарандардын шайлоого, шайлоочу жана талапкер катары эркин жана тоскоолдуксуз катышуусун камсыздоо үчүн бардык зарыл чаралар көрүлүп жатканын баса белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өз ара кызматташууга ачык экенин жана мындан аркы тыгыз иштешүүгө даяр экенин билдиришти.