КР БШКнын өкүлдөрү тынчтык жана өнүгүү боюнча Стокгольм 2025 форумуна катышты
18 мая 2025
Кыргыз Республикасынын делегациясы тынчтык жана өнүгүү маселелери боюнча Стокгольм - 2025 форумуна катышып, “Ынтымак жумалыгын” өткөрүүнүн уникалдуу тажрыйбасын – тынчтыкты жана туруктуу өнүгүүнү бекемдөө жаатындагы улуттук демилгени тартуулады.
Форум 2014-жылдан бери жыл сайын Стокгольмдагы тынчтык маселелерин изилдөө боюнча эл аралык институту (SIPRI) тарабынан уюштурулуп келет. Иш-чара Фольке Бернадотт академиясы (FBA) жана Швециянын эл аралык өнүктүрүү боюнча кызматташтык агенттиги (Sida) менен өнөктөштүктө өткөрүлөт. Стокгольм форуму — бул глобалдык көйгөйлөрдү жана тынчтыкты орнотуу боюнча чечимдерди талкуулоого арналган эксперттерди, саясатчыларды, эл аралык уюмдардын, илимий чөйрөнүн, бизнес жана жарандык коомдун өкүлдөрүн бириктирген абройлуу эл аралык платформа.
2025-жылы форумга 70тен ашык өлкөдөн атайын делегаттар чогулган. Курамына мамлекеттик түзүмдөрдүн, жарандык коомдун, жаштардын жана бизнестин өкүлдөрү кирген кыргыз делегациясы PeaceNexus Фондунун колдоосу менен SIPRI тарабынан чакырылган. Делегациянын курамында Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Гүлшаркан Култаева жана Жарандык билим берүү борборунун директору Айсулуу Букамбаева болуп, алар өз тажрыйбалары менен бөлүшүштү.
Форумдун алкагында төмөнкү темалар боюнча мазмундуу талкуулар өттү:
- куралдуу жаңжалдарды алдын алуу,
- климаттык өзгөрүүлөр жана тынчтыкты орнотуу,
- аялдардын жана жаштардын тынчтык куруу процессине катышуусу,
- жасалма интеллекттин коомдун туруктуулугуна тийгизген таасири,
- дезинформация жана шайлоолор,
- медиация жана менталдык саламаттыкты өнүктүрүү,
- тынчтык жана өнүгүү маселелерине инклюзивдүү мамиле кылуу
Кыргызстандын «Ынтымак жумалыгы» демилгеси форумдун катышуучулары арасында чоң кызыгууну жаратты. Бул демилге коомдун бардык катмарларынын катышуусу менен диалог жана кызматташтык аркылуу тынчтыкты чыңдоонун ийгиликтүү жергиликтүү ыкмасы катары бааланды. Уюштуруучулар Ынтымак сыяктуу креативдүү жана тармактар аралык демилгелердин коопсуз жана туруктуу келечекти куруунун маанисин белгилешти.
Маалымат үчүн:
“Ынтымак Жумалыгы" — Кыргызстанда 2023-жылдан бери ар жылы сентябрда өткөрүлүп келе жаткан демилге. Бул платформа Женева тынчтык апталыгы жана Базель тынчтык форуму сыяктуу эл аралык тажрыйбалардан шыктанган.
Иш-чаранын уюштуруучусу — Тынчтык куруу хабы. Анын курамына төмөнкү уюмдар кирет: PeaceNexus, БУУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү, БУУ Аялдар, ACTED, Search for Common Ground, International Alert, Saferworld.
Башкы багыттар:
- Табигый ресурстарды натыйжалуу башкаруу жана климаттык өзгөрүүлөргө ыңгайлашуу
- Коомдук ынтымак жана тилектештик
- Аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү аркылуу тынчтыкты орнотуу
- Тынчтык үчүн калыс жана натыйжалуу мамлекеттик башкаруу







