“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди
28 апреля 2025
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына кол койду.
Мыйзам 2025-жылдын 16-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.
Бул конституциялык Мыйзамдын максаты “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 48-беренесинин 1-бөлүгүнүн ченемин “Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамыныны 3-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык келтирүү жана Кыргыз Республикасынын Президентин кезектеги шайлоонун мөөнөттөрүн тактоо болуп саналат.
Ушуга байланыштуу, конституциялык Мыйзамдын 48-беренесинин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалган:
“1. Президентти кезектеги шайлоо иштеп жаткан Президенттин шайланган ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктоочу жылдын январь айынын төртүнчү жекшембисинде өткөрүлөт жана шайлоо күнүнө чейин 4 айдан кечиктирбестен Жогорку Кеңеш тарабынан дайындалат.”
Мындан тышкары, бул конституциялык Мыйзам “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамынын 50-беренесинин 3-бөлүгүнүн ченемин Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 68-беренесинин 1-бөлүгүнүн президенттик шайлоого катышууга талапкердин жаш курагына байланыштуу ченемине ылайык келтирүү максатында өзгөртүүлөрдү киргизүүнү карайт.
Буга байланыштуу, конституциялык Мыйзамдын 50-берененин 3-бөлүгүндө “35 жаштан төмөн эмес” деген сөздөр “добуш берүү күнүнө карата 35 жашка чыккан,” деген сөздөргө алмаштырылган.

