КР БШК Бишкек жана Ноокат аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизди
17 марта 2025
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2025-жылдын 17-мартындагы отурумунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 6-декабрындагы № 176 токтому менен бекитилген «Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби жөнүндө» Жобого ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан Конуров Бахадыр Аруновичти чыгарып, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Жайнакова Болдубүбү Жунушовнаны резервден комиссиянын курамына киргизди.
Ошондой эле Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан «Эмгек» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Эргашев Абдуфаттох чыгарылып, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Пахердинов Медетбек Ахуновичти резервден комиссиянын курамына киргизди.
