КР БШК жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуп, калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берди

17 марта 2025

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2025-жылдын 17-мартындагы отурумунда

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Кемин, Майлуу-Суу, Ноокен, Тоң жана Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитти.

Төмөндөгү депутаттардын ыйгарым укуктары токтотулуп, мандаттары тизмедеги кийинки талапкерлерге өткөрүлүп берилди:

Кемин шаардык кеңешинен («Адилет» депутаттык фракциясы) Садыбакасов Эрнис Кадырбековичтин ыйгарым укутары токтотулуп, анын мандаты - Джакыпбек уулу Азаматка («Адилет» саясий партиясы) өткөрүлүп берилди.

Майлуу-Суу шаардык кеңешинен Нурматов Кыязбек Камиловичтин  («Эл Биримдиги» депутаттык фракциясы) ыйгарым укутары токтотулуп, анын мандаты - Арапов Нурлан Маматураимовичке  («Эл Биримдиги» саясий партиясы) өткөрүлүп берилди.

Кочкор-Ата шаардык кеңешинен Абдимуратов Адилет Абдимуратовичтин («Жаңы Кыргызстан» депутаттык фракциясы) ыйгарым укутары токтотулуп, анын мандаты - Орозматов Садирбек Кадыржановичке («Жаңы Кыргызстан» саясий партиясы) өткөрүлүп берилди.

Кочкор-Ата шаардык кеңешинен Тагаев Алманбет Анарбаевичтин («Жаңы Кыргызстан» депутаттык фракциясы) ыйгарым укуктары токтотулуп, анын мандаты - Макаев Азизбек Абдрасуловичке («Жаңы Кыргызстан» саясий партиясы) өткөрүлүп берилди.

Ак-Терек айылдык кеңшинен Алымкул уулу Ноорузбекке мандат  берилди.

Кызыл –Суу айылдык кеңшинен  Нурбек уулу Алишердин ыйгарым укуктары токтотулуп, анын мандаты ­- Иманалиев Канат Тойчубековичке өткөрүлүп берилди.

Жети-Өгүз йылдык кеңешинен Осмонканова Назгүл Бексултановнанын ыйгарым укуктары токтотулуп, анын мандаты ­- Юсупов Ринат Харсановичке өткөрүлүп берилди.

Жети-Өгүз айылдык кеңешинен Байдулетов Атай Талантбековичтин ыйгарым укуктары токтотулуп, анын мандаты ­- Базаркул уулу Рустамга өткөрүлүп берилди.

Барскоон айылдык кеңешинен Ыдырысова Анара Кудайбергеновнанын ыйгарым укуктары токтотулуп, анын мандаты ­- Рахманова Рита Жыргалбековнага өткөрүлүп берилди.

Барскоон айылдык кеңешинен Тойматова Мөөр Карыбековнанын ыйгарым укуктары токтотулуп, анын мандаты - Есембаева Гүлмира Сүйербековнага өткөрүлүп берилди.