Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы маалымдайт

12 марта 2025

 

Аймактык шайлоо комиссиялары өз аймактарындагы участкалык шайлоо комиссияларынын резервдерин түзүү максатында   жарандардан жана саясий партиялардан документтерди кабыл алууну жарыялайт.

“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, участкалык шайлоо комиссиясы беш жылдык мөөнөткө, экиден бири саясый партиялардын өкүлдөрүнөн жана экиден бири жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын өкүлдөрүнөн түзүлөт.

Белгилей кетсек, “Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча шайлоо комиссиялары жѳнүндѳ” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык, участкалык шайлоо комиссиясы аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан түзүлөт.

Участкалык шайлоо комиссияларынын курамына жана резервине талапкерлерди көрсөтүүчү субъекттер саясий партиялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары (жергиликтүү кеңештер) болуп саналат.
“Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча шайлоо комиссиялары жѳнүндѳ” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык төмөнкүлөр шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү боло албайт:

- Жогорку Кеңештин депутаты, жергиликтүү кеңештин депутаты;

- мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары;

- сот, укук коргоо жана фискалдык органдын кызматкери, аскер кызматчысы;

- талапкер, талапкердин жана саясый партиянын өкүлү;

- башка мамлекеттин жарандыгы бар адам;

- мыйзамда белгиленген тартипте, соттуулугу алып салынбаган же жоюлбаган адам;

- башка шайлоо комиссиясынын мүчөсү;

- терс негиздер боюнча шайлоо комиссиянын мүчөсүнүн милдеттеринен мөөнөтүнөн мурда бошотулган адам.

Участкалык шайлоо комиссияларынын резервине саясий партиялардан талапкерлерди кѳрсѳтүү алардын уставдарына ылайык жүзөгө ашырылат. Саясий партиялар талапкерлердин документтерин тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына 2025-жылдын 25-мартынын саат 18:00гө чейин тапшырышат.
Участкалык шайлоо комиссияларынын резервине киргизүү үчүн жарандар, эмгек жамааттары, коомдук бирикмелер тиешелүү жергиликтүү кеңешке документтерди 2025-жылдын 25-мартынын саат 18.00гө чейин тапшырышы зарыл. Жергиликтүү кеңештер,  участкалык шайлоо комиссиялардын резервине көрсөтүлгөн талапкерлердин документтери келип түшкөндөн кийин, тактап толуктап үч күндүк мөөнөттө жергиликтүү кеңештин сессияларын өткөрүп, сессиянын чечими менен талапкерлердин документтерин  тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына токтоосуз өткөрүп берет.
Аймактык шайлоо комиссияга тапшырылычуу документтердин тизмеги: 

- участкалык шайлоо комиссиясынын курамында иштөөгө макулдугу жөнүндө арыз жана Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарынын ченемдерин сактоо тууралу милдеттенме;

- жеке маалыматтарын берүүгө жана иштетүүгө типтүү формасы;

- паспорттун көчүрмөсү;

- жеке маалыматтарын берүүгө жана иштетүүгө типтүү формасы

- иштеген жери, окуусу, билими көрсөтүлгөн биографиялык маалыматтар (кадрларды каттоо боюнча өздүк баракча же резюме);

- байланыш  маалыматтар: жашаган жеринин дареги, телефон номурлары (үйдүкү, электрондук почтасы);

- көрсөткөн субъектинин протоколу.

Көрсөтүүчү субъектилер шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнө талапкерлерди көрсөтүү учурунда шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнө талапкер, эреже катары, тиешелүү калктуу пункттун аймагында жашоого тийиш экенин эске алуулары зарыл.

Эскертүү: “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, участкалык шайлоо комиссиясынын курамында ар бир саясый партиядан бирден ашык эмес өкүл болушу мүмкүн.

Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясынын төрагаларынын, катчыларынын байланыш маалыматтары телефондук номерлери тиркемеде көрсөтүлгөн 

Зарыл документтердин үлгүлөрү тиркемеде: арыз, саясий партиянын протоколу,   жарандардын чогулушунун протоколу, жеке маалыматтарын берүүгө жана иштетүүгө типтүү формасы