КР БШКнын өкүлдөрү эл аралык «Таврический» жаштардын талкуу клубунун жыйынына катышты
12 марта 2025
2025-жылдын 11-мартында эл аралык "Таврический" жаштардын клубунун жыйыны болуп, анда «Электоралдык процесстерди визуалдаштыруу. Географиялык карталар шайлоону түшүнүүгө кантип жардам берет?» деген тема боюнча талкуу болду.
Иш чараны Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине (КМШ) мүчө-мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясынын Кеңеши жана демократиянын өнүгүүсүнө, парламентаризмге жана КМШ ПАА мүчө-мамлекеттеринин жарандарынын шайлоо укуктарынын сакталышына мониторинг жүргүзүү боюнча Эл аралык институту уюштурган.
Жыйынга Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү да катышты.
Талкуунун жүрүшүндө эксперттер жана жаш адистер шайлоо процесстерин талдоодо географиялык карталардын маанисин, электоралдык маалыматтарды мейкиндикте көрсөтүүнүн ролун жана шайлоолордун ачык-айкындуулугун жана түшүнүгүн жакшыртуудагы таасирин талкуулашты. Катышуучулар шайлоо активдүүлүгүн визуалдаштыруу, добуштарды бөлүштүрүү жана шайлоо тенденцияларын аныктоо үчүн картографиялык ыкмаларды колдонуу боюнча пикир алмашышты.
КР БШКнын өкүлдөрүнүн мындай эл аралык иш-чараларга катышуусу тажрыйба алмашууга, кызматташтыкты бекемдөөгө жана Кыргыз Республикасынын шайлоо системасына заманбап ыкмаларды киргизүүгө салым кошот.


