БШКга жаңы мүчө болуп Гүлшаркан Култаева дайындалды

19 февраля 2025

Бүгүн, 19-февралда, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясында жаңы мүчө Гүлшаркан Култаева тааныштырылды.

Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Регламент комитетинин төрайымы Чолпон Султанбекова жаңы мүчөнү тааныштырышып, ишине ийгиликтерди каалады.

Буга чейин Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Гүлшаркан Култаеванын талапкерлигин карап чыгып, Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөлүгүнө бекитишкен. Анын талапкерлиги Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан сунушталып, жалпы 78 депутат анын талапкерлигин колдогон.

Гүлшаркан Оконовна Култаеванын өмүр баяны

1972-жылы 24-октябрында, Жалал-Абад облусунун, Аксы районуна караштуу Ак-Суу айылында туулган. Жогорку билимдүү. 1993-жылы Ош Технологиялык техникумун «Жип ийрүү өндүрүшүнүн техниги» адистигин, 2001-жылы Ош Технологиялык Университетинин «Бухгалтердик эсеп жана аудит» адистигин бүтүргөн.

Эмгек жолу 1989-жылы Ош шаарындагы №59 бала бакчада тарбиячынын жардамчысы болуп башталган.

1990-2016-жылдары – жеке ишкерлик менен алектенген.

2016-2021-жылдары – Ош шаардык кеңешинин депутаты.

2021-жылдын ноябрь айында «Ата-Журт Кыргызстан» саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VII чакырылышынын депутаты болуп шайланган.

Сыйлыктары:

Туризмди өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Ош облустук мамлекеттик администрациясынын Ардак грамотасы (2001-ж.)

«Бизнес Шанс» сынагында «2001-жылдын мыкты ишкери» наамы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү (2001-ж.)

Кыргыз Республикасынын Туризм, спорт жана жаштар саясаты боюнча Мамлекеттик комитетинин Ардак грамотасы (2003-ж.)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик Бажы кызматынын Ардак грамотасы (2011-ж.)

Үй-бүлөлүү, бир кызы жана үч уулу бар.