Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Т. Шайназаров “Эгль” коомдук фондунун директору Ч.Өмүрканова менен жолугушту

19 февраля 2025

2025-жылдын 19-февралында Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров “Эгль” коомдук фондунун директору Чолпон Өмүрканова менен жолугуп, республикадагы мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарыбыздын шайлоодогу орду жана аларга карата камкордуктар тууралуу сүйлөштү. Жолугушууга БШКнын мүчөсү Искандер Гайпкулов жана БШКнын аппаратынын кызматкерлери да катышты.

Жолугушууда төрага Тынчтык Шайназаров Борбордук шайлоо комиссиясы жана "Эгль" коомдук фондунун ортосундагы кызматташтыкты жогорулатуу маанилүү экенин белгилеп, мүмкүнчүлүгү чектелген шайлоочулар үчүн шарттардын түзүү маанилүү экенине токтолду.

"Биздин негизги максат — мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарыбызга шайлоолордо тоскоолдуксуз катышууга шарттарды түзүп берүү. Бул ишти биргеликте  жүргүзүп, биздин жана сиздердин фонддун кызматташтыгынын натыйжасында гана ийгиликтүү ишке ашыруу мүмкүн. Мындан тышкары, бул – мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү бийлик органдарынын да милдети. Бардык тараптардын ортосундагы кызматташтык шайлоочулардын укугун коргоо үчүн маанилүү" деди БШК төрагасы.

Өз кезегинде “Эгль” коомдук фонудунун директору Чолпон Өмүрканова фонд буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясы менен жакшы кызматташып келгенин, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жана башка категориядагы адамдарга жардам берүү багытында атайын эксперттер иш алып барып келгенин жана мындан ары кызматташтыкты уланта берерине токтолду.

Ошондой эле төрага 2024-жылдын 1-августуна карата Кыргызстанда 18 541 мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарыбыз катталганын жана алардын 49,4% аялдар, 50,6% эркектер экенин билдирди. БШКнын кызматкерлери арасында да ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген кызматкерлер бар экенин жана алар өз ишин ийгиликтүү аткарып жатканын айтты.

Мындан тышкары, Тынчтык Шайназаров Борбордук шайлоо комиссиясынын мекемелер аралык жумушчу тобу бар экенин, алардын ишин күчөтүү боюнча иштер күчөтүлөрүн баса белгилеп кетти.

Белгилей кетсек, шайлоо комиссияларында 38 мүмкүнчүлүгү чектелген жаран иштейт:

БШК аппаратынын 131 кызматкеринин ичинен — 2 кызматкер мүмкүнчүлүгү чектелген жаран;

56 аймактык комиссиянын 650 мүчөсүнүн ичинен — 2 мүчө мүмкүнчүлүгү чектелген жаран;

2438 участкалык комиссиянын 30 503 мүчөсүнүн ичинен — 34 мүчө мүмкүнчүлүгү чектелген жаран.

БШК КР бардык жарандар үчүн шайлоо процессине тең мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу боюнча ишин улантууда жана бул багытта активдүү катышып жаткан коомдук уюмдарга ыраазычылык билдирет.