Кыргызстан элинин Ассамблеясында жарандык жана санариптик билим берүү борбору ачылды

06 февраля 2025

2025-жылдын 6-февралында Бүткүл дүйнөлүк шайлоо күнүн майрамдоонун алкагында Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргызстан элинин Ассамблеясы менен биргеликте жарандык жана санариптик билим берүү борборун ачты.

Иш-чарага Кыргызстан элинин Ассамблеясынын төрагасы А.Матубраимов, Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Н.Шайлдабекова, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын бѳлүм башчысы А. Супатаева катышты.

Иш-чаранын башталышлында КР БШК менен Кыргызстан элинин Ассамблеясынын ортосунда кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду. Борбордун иштеши менен катар эле башка программаларды биргелешип ишке ашыруу каралды.

Кыргызстан элинин Ассамблеясынын жарандык жана санариптик билим берүү борбору укуктук маданиятты жогорулатуу, маалыматтык-агартуу иш-чараларын жана жарандык иденттүүлүктү калыптандырууга жана биримдикти чыңдоого багытталган калк менен жолугушууларды уюштуруу боюнча иштерди жүргүзүүнү пландаштырууда.

Кыргызстан элинин Ассамблеясы тарабынан уюштурулган мамлекеттик тилди, ошондой эле диаспоралардын эне тилин үйрөтүү курстарын өткөрүү Борбордун ишинин маанилүү багыты болуп саналат. Бул этникалык топтордун өкүлдөрүнө жана мамлекеттик тилди жана диаспора тилдерин үйрөнүүнү каалагандардын баарына мүмкүнчүлүк түзөт.

Мамлекеттик тилди кеңири жайылтуу жана үйрөтүү максатында кыргыз тилин үйрөнүү боюнча атайын “Кыргызча оңой” программасы көрсөтүлдү.

Этникалык коомдук бирикмелердин өкүлдөрү: «Барт» чечен маданий борборунун төрагасы Алиев Өзбек, өзбек улуттук маданий борборунун төрагасы Кадыров Бахтияр, азербайжандардын «Бирлик» коомдук уюмунун президенти Бахшалиев Хансывар берилген окуу материалдарынын жеткиликтүүлүгүн жана жеңилдигин жогору баалап, мамлекеттик тилди үйрөнүүнүн жана билүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Мамлекеттик тил улуттун биримдигин жана мамлекеттин туруктуулугун чыңдоонун маанилүү куралы катары кызмат кылат. Бул коомдук ырашкерликке көмөктөшөт жана ар кандай этникалык топтордун ортосундагы байланышты жана өз ара аракеттенүүнү камсыз кылат. Кыргызстан элинин Ассамблеясы мамлекеттик тилдин өнүгүшүн камсыз кылууга өзгөчө маани берип, бул багытта активдүү иш алып барууга даяр экенин билдирди.

Эске сала кетсек, учурда республика боюнча китепканалардын, жаштар борборлорунун, маданият үйлөрүнүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын имараттарынын базасында 77 жарандык жана санариптик билим берүү борборлору иштеп жатат. Борборлордо жарандык билим берүү программасын ишке ашыруу жана калктын бардык катмары үчүн санариптик көндүмдөрдү жогорулатуу үчүн бардык шарттар бар. Борборлордун иш-чараларынын форматтары өлкөдөгү жарандык, укуктук жана санариптик билим берүүнү өркүндөтүүгө багытталган онлайн/оффлайн билим берүү курстарын, тренингдерди, семинарларды, конференцияларды, дебаттарды, аялдар клубдарын өткөрүүнү камтыйт.