БШК КР ЖКнын депутаты Ж.Ш.Токторбаевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
23 января 2025
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 23-январындагы №13 Жарлыгынын негизинде “Ата-Журт Кыргызстан” парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Токторбаев Жеңишбек Шермаматович Кыргыз Республикасынын Ош шаарынын мэри болуп дайындалганына байланыштуу, анын депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду.
КР БШК Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесинин 2-бөлүгүнүн 4-пунктуна, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесинин 4-бөлүгүнүн 6-пунктуна, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктуна, 2-бөлүгүнө ылайык “Ата-Журт Кыргызстан” парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ж.Ш.Токторбаевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө токтом кылды.
