Шайлоо комиссиялары менен республикалык кеңешмеде жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктары талкууланды

17 декабря 2024

2024-жылдын 17-ноябрында Кыргыз Республикасында жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо болуп өттү. Шайлоо өнөктүгүнүн жыйынтыгы аймактык шайлоо комиссияларынын төрагаларынын жана катчыларынын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын аймактардагы өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөн республикалык кеңешмеде чыгарылды. Иш-чара Шайлоо системалары боюнча эл аралык фонддун көмөгү менен уюштурулду.

         Жыйынды ачып жатып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Нуржан Шайлдабекова аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө демократиялык шайлоо процессин камсыз кылуу боюнча миссиясын аткаруудагы кесипкөйлүгү, ак ниет мамилеси жана жогорку жоопкерчилиги үчүн ыраазычылык билдирип, аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону уюштурууга жана өткөрүүгө кошкон маанилүү салымын белгилеп,  

шайлоо комиссияларынын жоопкерчиликтүү мамилелери, компетенттүү иштери жана ак ниеттүүлүгү шайлоону ийгиликтүү ѳткѳрүүдѳ гана эмес, коомчулуктун шайлоонунун жыйынтыктарынын мыйзамдуулугуна  жана  аныктыгына болгон ишенимин жогорулатууга байланыштуу экендигин баса белгиледи.  

         Кеңешменин  жүрүшүндө катышуучулар шайлоо процессинин бардык аспектилерин дыкат талдоо менен   айрым  көйгөйлөргө жана аларды чечүүнүн мүмкүн болгон жолдоруна өзгөчө көңүл бурушту. Талкуунун жыйынтыгында алдыдагы шайлоо өнөктүгүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча сунуштар белгиленди.

         Кеңешменин алкагында  козголгон  негизги маселелер:

         1. 2024-жылдын 17-ноябрындагы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун өзгөчөлүктөрү: укуктук негиздери.

         2. Шаардык жана айылдык кеңештерге шайлоонун жыйынтыктары.

         3. Шайлоонун мыйзамдуулугун жана коопсуздугун камсыз кылуу: мыйзам бузууларды талдоо жана сунушталган чаралар.

         4. Комиссиянын жарандардын арыздары жана даттануулары менен иштөөсү

         5. Шайлоо фонддорунун  ачыктыгы: шайлоону каржылоо жана талапкерлердин финансылык отчеттору.

         6. Шайлоодо инклюзивдүүлүктү камсыз кылуу: майыптыгы бар шайлоочулардын жана жарандардын айрым категорияларынын катышуусу.

         7. Жаңы маалыматтык системаларды жана шайлоо жабдууларын колдонуу: технологиялык инновацияларды киргизүүнүн натыйжалары.

         8. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону маалыматтык камсыздоо

         1. 2024-жылдын 17-ноябрындагы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун өзгөчөлүктөрү: укуктук негиздери

         2024-жылдын 17-ноябрында Кыргыз Республикасында жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо болуп өттү. Бишкек жана Ош шаарларында, ошондой эле Баткен, Жалал-Абад, Ош, Ысык-Көл, Нарын, Талас жана Чүй облустарында шайлоону даярдоо жана өткөрүү үчүн шайлоо комиссиялары Министрлер Кабинети жана жергиликтүү бийлик органдары менен бирдикте  масштабдуу уюштуруу иштерин жүзѳгѳ ашырышты.

         Административдик-аймактык реформа

         Шаарларды ирилештирүүгө жана айыл аймактарын бириктирүүгө багытталган административдик-аймактык реформанын алкагында административдик-аймактык бирдиктердин саны 484төн 264кө кыскартылды. Жаңы чек аралар  Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган жана Кыргыз Республикасынын  Президенти кол койгон мыйзам менен бекитилди.  Мыйзам 2024-жылдын 2-августунан тартып күчүнө кирген.

         2024-жылдын октябрына карата Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүш тутумуна төмөнкүлөр кирет:

         • 7 облус,

         • 40 район,

         • 33 шаар (анын ичинде Бишкек жана Ош),

         • 231 айыл аймагы.

         Шайлоону дайындоо

         Аймактык түзүлүштүн чек араларын жана түзүмүн өзгөртүүгө, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарын оптималдаштырууга байланыштуу жергиликтүү кеңештерди таркатуу жана депутаттарын шайлоону дайындоо  жѳнүндѳ 2024-жылдын 6-сентябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы жарыялданды. Бул Жарлыкка ылайык Борбордук шайлоо комиссиясы аралыктан добуш берүүнү колдонуу менен шайлоолорду өткөрдү.
Шайлоо мыйзамдарындагы соңку өзгөртүүлөр

1. Жергиликтүү кеңештердин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү - 5 жыл.

2. Шайлоо босогосун өзгөртүү: саясий партиялар үчүн шаардык кеңештерге шайлоодо босого 7 пайыздан 5 пайызга төмөндөтүлдү.

3. Шайлоо күрөөсүн алып салуу: айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлер үчүн (мурда күрөө 1000 сом болгон.

4. Жергиликтүү кеңештердин сандык курамы тиешелүү административдик-аймактык бирдиктин калкынын санынын негизинде белгиленет (шайлоо ѳткѳрүлгѳн  жылдын 1-январына карата):

Бишкек жана Ош шаарларына – 51 депутат,

Шаардык жана айылдык кеңештерге:

6000 адамга чейин – 11 депутат,

6001ден 20000ге чейин – 21 депутат,

 20 001ден 70 000ге чейин – 31 депутат,

70001 жана андан жогору – 41 депутат.

         Талапкерлерге коюлуучу талаптар

         Талапкерлерди көрсөтүүгө талаптарды күчөтүү үчүн төмөнкү нормалар каралган:

         • Талапкер катары бардык категориядагы мамлекеттик кызматчылар (аскердик, укук коргоо, дипломатиялык), муниципалдык кызматчылар, журналисттер жана мамлекеттик/муниципалдык мекемелердин жетекчилери кызмат ордун сактап калуу менен көрсөтүлүшү мүмкүн, бирок бул учурда алардын кызматтык ыйгарым укуктары токтотулат.

         • Мамлекеттик жана муниципалдык саясий кызматчылар (жергиликтүү кеңештердин депутаттарын кошпогондо) жана мамлекеттин үлүшү 30%дан ашкан мамлекеттик же муниципалдык ишканалардын жетекчилери шайлоого катышууда өз ыйгарым укуктарын аткарууну токтотууга милдеттүү.

         Аралыктан добуш берүү

         Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 6-сентябрындагы Жарлыгына ылайык, аралыктан добуш берүү атайын шайлоо участкаларында жүргүзүлөт. “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесине ылайык, добуш берүүнүн натыйжалары электрондук системада автоматтык түрдө иштетилип чыгат. 

         Шайлоонун инклюзивдүүлүгү жана ачык-айкындуулугу

• Майыптыгы бар  шайлоочулар үчүн шайлоо участкаларына тоскоолдуксуз кирүү жана добуш берүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу үчүн милдеттүү стандарттар киргизилди (29-берененин 6-бөлүгү).

• Так маалымат берүү үчүн мамлекеттик органдардын жоопкерчилиги күчөтүлдү. Ыйгарым укуктуу органдар шайлоо комиссияларына маалыматтарды электрондук кол тамга менен күбөлөндүрүү менен «Түндүк» ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу беришет.

• Талапкерлер жөнүндө маалыматтарды текшерүү үчүн шайлоо комиссияларына талапкердин соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө бекитилген форма боюнча расмий корутунду берилет.

         2. Шаардык жана айылдык кеңештерге шайлоонун натыйжалары

         Республикалык кеңешмеде шаардык жана айылдык кеңештерге депутаттарды шайлоонун натыйжалары  боюнча шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Махабат Кожокоева маалымат берди.

         Кыргыз Республикасынын жарандары 33 шаардык кеңешке 993 депутатты, 231 айылдык кеңешке 5391 депутатты шайлашты.

         Шаардык кеңештер

         Шаардык кеңештерге шайлоого талапкер көрсөткөн 39 саясий партия 188 талапкердин тизмесин берген.

         Орто эсеп менен алганда,  бир орунга атаандаштык  4 талапкерди түзгѳн.

         Катталгандардын саны 4928, анын ичинен 3183- эркек, 1745 - аял болгоон, бул  35,41 түздү.

         Жалпысынан 185 талапкердин тизмеси боюнча 39 саясий партия катышты (Бишкекте “Социал-демократтар” саясий партиясынын каттоосу жокко чыгарылды, Өзгөн шаарында “Социал-демократтар” саясий партиясы, Чолпон-Ата шаарында «Эмгек» партиясы катышуудан баш тартышты).

         Шаардык кеңештердин депутаттарына добуш берүү партиялык талапкерлердин тизмелери боюнча жүргүзүлүп, орундар  5%дан ашык добуш алган саясий партиялардын  добуштарынын санына пропорционалдуу бөлүштүрүлдү.

         Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча талапкерлердин 172 тизмеси боюнча 34 саясий партия шайлоочулардын 5 жана андан көп пайызынын добушуна ээ болду.

         24 шаарда шайлоого катышкан бардык саясий партиялар добуштардын 5 жана андан көп пайызын алышты.

Айылдык кеңештер

         Айылдык кеңештердин депутаттарына добуш берүү көп мандаттуу шайлоо округдарында жүргүзүлүп, анда шайлоочулардын көпчүлүк добушун алган талапкерлер шайланды деп эсептелинет. Ошол эле учурда ар бир райондо 30%дан кем эмес орун аялдарга резервге алынган.

Айылдык кеңештин депутаттарын шайлоого катышуу үчүн 10 081 талапкер катталып, атаандаштык бир орунга 2 адамдан туура келген. Алардын 9984ү - өзүн-өзү көрсөткөн талапкерлер, 97си - саясий партиялардан (“Ынтымак” саясий партиясынан Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда).

         Добуш берүү күнү шайлоого 9984 талапкер катышты: 6351- эркек (63,61%) жана 3633 - аял (36,38%).

         Айылдык кеңештердин жалпы 5391 депутаты шайланып, анын ичинен 3143 эркек (58,3%) жана 2248 аял (41,7%) депутат болуп шайланышты. Добуш берүүнүн рейтинги боюнча 84 аял (3,73%) шайланды.

         1260 шайлоо округу боюнча 231 айылдык кеңештерде 5391 мандаттын ичинен 2178 мандат аялдар үчүн резервге алынган, анын ичинен 2164 аял квота боюнча мандат алышкан, ошондой эле айрым айылдык кеңештерде 84 аял квотадан ашыкча мандат алышкан жана жалпысынан бүгүнкү күнгө карата 2248 аял депутаттар шайланды, бул 41,72 % түзѳт.

         Шайлоонун жалпы жыйынтыктары

         2024-жылдын 17-ноябрындагы шайлоодо 264 жергиликтүү кеңештерге 6384 депутат шайланган, анын ичинен 2538и (39,75%) - аялдар:

         • 33 шаардык кеңеште – 993 депутат, анын 703 - эркектер жана 290 - аялдар (29,20%);

         • 231 айылдык кеңеште – 5391 депутат, анын 3143 -  эркектер (58,3%) жана 2248 - (41,7%) аялдар.

         Жергиликтүү кеңештердин шайланган 6384 депутатынын арасында:

• жаш депутаттардын саны 561 түзѳт, анын ичинен 96сы шаардык кеңештерде, 465и айылдык кеңештерде;

• 26 депутат майыптыгы барлар;

• 15,87% башка улуттардын өкүлдөрү.

         2024-жылдын 26-30-ноябрында аймактарда 264 жергиликтүү кеңештин, атап айтканда  33 шаардык жана 231 айылдык кеңештин алгачкы жыйындары өттү. Жергиликтүү кеңештердин төрагалыгына жалпысынан 15 аял шайланса, анын ичинен бир аял Айдаркен шаардык кеңешинин төрагалыгына шайланды.

3. Шайлоонун мыйзамдуулугун жана коопсуздугун камсыз кылуу

         Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоонун мыйзамдуулугун жана коопсуздугун камсыз кылуу шайлоо процессинин бардык этаптарында укуктук, уюштуруучулук жана координациялык чараларды камтыган комплекстүү мамилени талап кылат.

         БШКнын мүчөсү, ыкчам чара кѳрүү координациялык топтун (ККК) мүчөсү Алтынбек Кубатбеков   жергиликтүү кеңештерге шайлоодо 5 кылмыш иши козголгонун белгиледи. Салынган 19 айып пулдун төртөөсү соттун чечиминин негизинде коюлган.

         Жергиликтүү кеңештерге шайлоолор шайлоо комиссиялары менен укук коргоо органдарынын өз ара аракеттенүү механизминин натыйжалуулугун көрсөттү, бул ЫЧКТнын ишмердүүлүгүнүн алкагында иштелип чыккан.

         Ѳткѳн шайлоодогу ЫЧКТнын ишинин өзгөчөлүгү

         • Арыздар жана кайрылуулар алардын мазмунуна жана мамлекеттик органдардын компетенциясына жараша каралган.

         • Материалдар укук коргоо органдарына жоопкерчиликке тартылуучу адамдарды идентификациялоо үчүн гана жөнөтүлгөн.

Мурда шайлоо комиссиялары маңызы боюнча алдын ала   талдоо жүргүзбөстөн, бардык кайрылууларды дароо укук коргоо органдарына жөнөтүшчү.

Мындай мамиле арыздарды жана кайрылууларды кароо процессин оптималдаштырууга, аныкталган мыйзам бузууларга ыкчам  чара көрүүгѳ жана укук коргоо органдарына жүктөлгөн жүктү азайтууга мүмкүндүк берди.

Ошентип, ЫЧКТ алкагында шайлоо комиссияларынын укук коргоо органдары менен өз ара аракеттенүүсүн күчөтүү шайлоонун мыйзамдуулугунун жана ачык-айкындуулугунун деңгээлин жогорулатууга, анын коопсуз жана уюшкандыкта өткөрүлүшүн камсыз кылууга өбөлгө түздү.

Комиссиянын жарандардын даттануулары жана арыздары менен иштѳѳсү  

         2024-жылдын 17-ноябрында өткөн шайлоодо жарандардын кайрылуулары боюнча жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү, арыздарды жана даттанууларды кароо, маалымат жана үгүт иштери боюнча жумушчу топтун жетекчиси Узарбек Жылкыбаев чыгарды.

Ал тѳмѳндѳгү бир нече негизги жагдайларды  белгиледи:

         1. Мурдагы шайлоолорго салыштырмалуу алганда келип түшкөн даттануулардын жалпы санынын азайышы байкалууда, бул шайлоо процесси жакшы уюштурулганынан кабар берет.

         2. Арыздарды жана даттанууларды кароонун жыйынтыгы боюнча салынган айып пулдардын суммасы 293,5 миң сомду түзгѳн.

         Бул шайлоо мыйзамдарынын сакталышына көзөмөл күчөтүлгөнүн жана аныкталган   бузууларга карата кыйла катаал мамилени көрсөтүп турат.

         Аймактык шайлоо комиссияларына (АШК) сунуштар:

         • Жер-жерлерде  даттанууларды жана арыздарды  кароо жол-жоболорунун айкындыгын  жана ачыктыгын камсыз кылуу.

         • Талаштуу кырдаалдарды натыйжалуу чечүү үчүн жарандар менен өз ара аракеттенүүнүн деңгээлин жогорулатуу.

Шайлоо фонддорунун ачык-айкындыгы

Шайлоону финансылык камсыз кылуу

         БШК мүчөсү, КР БШКнын Кѳзѳмѳлдѳѳ-текшерүү тобунун жетекчиси Искендер Гаипкулов шайлоолорду жана шайлоо фонддорун каржылоо маселелерине токтолуп, шайлоолорду жана референдумдарды даярдоо жана өткөрүү боюнча шайлоо комиссияларынын иштерин финансылык жактан камсыз кылуу   республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттардын жана мыйзамда тыюу салынбаган жана белгилүү бир максатка багытталган башка финансылык булактардын  эсебинен жүргүзүлө тургандыгын белгиледи.

         2024-жылы АШК тарабынан төлөмдөрдү жүргүзүү тартибине өзгөртүүлөр киргизилген. Алсак, ачык-айкындуулукту, ачыктыкты жана отчеттуулукту камсыз кылуу максатында шайлоо комиссияларын финансылык колдоо  «Борборлоштурулган бухгалтердик эсеп» автоматташтырылган маалыматтык тутуму (ББЭ) аркылуу ишке ашырылат, бул өз кезегинде жергиликтүү кеңештерге шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн каржылоого жана ишке тартылган адистерди “Элдик Банк” ААК жана “Айыл Банк” ААК банк мекемелери аркылуу накталай эмес формада бекитилген сметага ылайык каржылоого мүмкүндүк берди.

         КР БШКнын 2024-жылдын 23-сентябрындагы № 133 токтому менен 2024-жылдын 17-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону өткөрүүгө чыгымдардын сметасы 495 718,4 миң сом суммасында бекитилген.

         Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерин шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө алдын ала маалыматтар боюнча 425 865,0 миң сом  чыгымдалган, үнѳмдѳѳ алдын ала маалыматтар боюнча 95 053,0 миң сомду түзөт.

Партиялардын жана талапкерлердин шайлоо фонддору 

         2024-жылдын 17-ноябрына белгиленген Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоого катышкан талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан аныкталган банк мекемелеринин тизмесине “Элдик Банк” ААК жана “Айыл Банк” ААК киргизилди.   (КР БШКнын 23.09.2024-ж. № 134 токтому).

         Бардыгы болуп саясий партиялардын шайлоо фонддорунун 191 атайын эсеби ачылган (алардын ичинен 3 атайын эсеп - 3 саясий партиянын талапкерлеринин 3 тизмеси каттоодон ѳтпѳгѳндүктѳн  акча каражаттары жүгүртүлгѳн эмес, ѳздѳрүнүн талапкерлеринин тизмесин чакыртып алган   саясий партиянын 1 атайын эсеби).

         Шайлоо фонддорунун атайын эсептерине акча каражаттарынын келип түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө маалыматтар жогоруда аталган банк мекемелеринен автоматтык түрдө БШКнын «Финансылык ачыктык» автоматташтырылган маалыматтык системасына «Түндүк» ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу жеке маалымат жана банктык сыр жөнүндө мыйзамдарды  жана шайлоочулар үчүн 24/7 жеткиликтүү болуусун эске алуу менен  БШКнын сайтындагы “Талапкерлер жана партиялар” баракчасына келип түшѳт.

         Шайлоо фонддорунун ѳлчѳмү: Алдын ала маалыматтар боюнча саясий партиялардын шайлоо фонддоруна 95580,8 миң сом (100%) түшкөн.

         Эң кѳп түшүүлөр:

         • Бишкек шаардык кеңеши: 43128,8 миң сом (жалпы кѳлѳмдүн  45,1%).

         • Ош шаардык кеңеши: 14152,7 миң сом (14,8%).

         Эң аз түшүүлөр:

         • Көк-Жаңгак шаардык кеңеши: 148,6 миң сом (0,16%).

         • Орловка шаардык кеңеши: 176,3 миң сом (0,18%).

         Шайлоо фонддорун түзүү булактары

         • Негизги киреше булагы: жеке адамдардын ыктыярдуу кайрымдуулук каражаттары – 47175,7 миң сом (51,1%).

         • Минималдуу түшүүлѳр: юридикалык жактардан кайрымдуулук – 220,2 миң сом (0,2%).

         Шайлоо фонддорунун чыгашалары

         • Чыгашалардын жалпы суммасы 90691,1 миң сомду түздү.

         Чыгымдардын негизги багыттары:

         • Үгүт материалдарын даярдоо жана ЖМК кызматтарына акы төлөө: 39293,1 миң сом (44,9%).

         •Агитаторлордун жана байкоочулардын кызматына акы тѳлѳѳ: 22 812,7 миң сом (26,1%).

Шайлоо күрѳѳсү

         Борбордук шайлоо комиссиясынын депозиттик эсебине шаардык кеңештерге талапкерлердин тизмесин көрсөткөн партиялардан 4100,0 миң сом (жалпы кирешенин 4,5%) түшкөн.

         Шайлоо фонддорунун кирешелери жана чыгашалары боюнча жыйынтыктоочу маалыматтар саясий партиялардын отчеттору текшерилгенден кийин берилет.

Шайлоонун инклюзивдүүлүгүн камсыз кылуу

         Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын ишке ашырууну жакшыртуу боюнча жумушчу топтун жетекчиси Акбалык Жумалиева   жергиликтүү кеңештерге шайлоонун жыйынтыгында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 26 жаран шаардык жана айылдык кеңештерге депутат болуп шайланганын белгиледи.  Жергиликтүү кеңештерге шайлоодо майыптыгы бар адамдардын саны мурунку шайлоолорго караганда бир топ жогору. Бул процесс саясий партияларды талапкерлердин тизмесине кеминде бир майыптыгы бар  адамды киргизүүгө милдеттендирген мыйзамдык чаралардын аркасында мүмкүн болду. Ченемдик укуктук актыларга ылайык, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жарандар түз жана жашыруун добуш берүү аркылуу бирдей шарттарда добуш берүүгө катышып, шайлоого жана шайланууга бирдей укуктарга ээ. Мындай чаралар майыптыгы бар  жарандардын шайлоого катышуусу үчүн жеткиликтүү, инклюзивдик чөйрөнү түзүүнүн маанилүүлүгүн көрсөтөт.

         Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген шайлоочуларды эсепке алуу үчүн мыйзамдарга социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Борбордук шайлоо комиссиясына жыл сайын 1-февралга жана 1-августка карата бардык жеке маалыматтарын көрсөтүү менен ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочулардын иш жүзүндөгү саны жөнүндө маалыматтарды берүү талабы киргизилген.  

         2024-жылдын 1-августуна карата муктаждыктар картасына шайлоо күнү шайлоо участкасында жардамга муктаж 18 541 майптыгы бар шайлоочу киргизилген.  Алардын ичинен 9385 (50,6%) - эркектер, 9156 (49,4%) - аялдар. Жаш категориялары боюнча: 18-30 жаштан - 4030, 31-60 жаштан - 9512, 60 жаштан жогоркулар - 4999 адам.

         Шайлоо мыйзамдарында майыптыгы бар адамдар үчүн шайлоо участкаларынын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу боюнча так талаптар белгиленген. Шайлоо комиссиялары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте добуш берүү үчүн жайлардын жеткиликтүүлүгүнѳ такай баа берип  турушат. Шайлоо участкасынын имаратынын кире беришинде пандус бар же жок экендиги жөнүндө маалымат муктаждыктар картасына жазылат.

         Шайлоо күнү майптыгы бар шайлоочуларга ыктыярчылар тарабынан  жардамдар көрсөтүлүп, жергиликтүү бийлик органдары транспорт менен камсыз кылууда. Добуш берүүчү жайларды ылайыкташтыруу жана шайлоо участкаларын жеткиликтүү кылуу инклюзивдүү шайлоо процессин түзүүнүн маанилүү элементтери болуп саналат.

         2024-жылы шайлоо мыйзамдарында шайлоо участкаларынын пандустары белгиленген стандарттарга жооп бере турган нормалар  киргизилет. Бул норма прокуратура тарабынан көзөмөлгө алынат жана участкаларда орнотулган пандустардын сапатын жогорулатуунун укуктук негизи болуп калды.

         Көрүүсү начар шайлоочулар катталган шайлоо участокторуна Брайль шрифти менен атайын бюллетендер жана трафареттер жөнөтүлдү. 2024-жылы Брайль арибинде 983 бюллетень даярдалган:

749 - шаарлар үчүн,

         • 234 - айыл жерлери үчүн.

         Добуш берүүчү кабиналар коляска менен жүргөн шайлоочулар үчүн ылайыкташтырылган. Добуш берүүнүн купуялуулугун камсыздоо үчүн алар трафареттер, лупа, кошумча жарыктандыруу жана отургучтар менен жабдылган.

         Жергиликтүү кеңештерге шайлоодо орун-жайдан тышкары  добуш берүү мүмкүнчүлүгү уюштурулуп, аны майыптыгы бар  1979 шайлоочу пайдаланды.

         Борбордук шайлоо комиссиясы майыптыгы бар  шайлоочуларга атайын форматтар аркылуу шайлоолор жөнүндө маалымат берет. Бул максаттар үчүн Брайль шрифтин колдонуу менен ыңгайлаштырылган плакаттар жана брошюралар даярдалат. Бардык маалыматтык видеолор субтитрлер же сурдокотормо менен коштолуп, угуусу начар адамдар үчүн жеткиликтүүлүктү камсыз кылат.

         Ошондой эле майыптыгы бар шайлоочуларды маалыдоо үчүн мүмкүнчүлүгү чектелген талапкерлер үчүн жана мүмкүнчүлүгү чектелген шайлоочулар үчүн жеткиликтүү форматтарда маалымат китепчелери  даярдалган.

         Бул маалыматтык китепчелер ѳткѳн жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү максатында мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын эң ири коомдук бирикмеси болгон “Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомуна”   тапшырылды.

          Шайлоо мыйзамдары талапкерлерди, саясий партияларды ѳздѳрүнүн үгүт материалдарына жалпы нусканын кеминде 1% өлчөмүндөгү атайын форматтарды киргизүүгө милдеттендирет:

         • сурдокотормосу жана субтитрлери бар видео – угуусу начар шайлоочулар үчүн,

         • Брайль шрифтиндеги басма материалдары - көрүүсү начар шайлоочулар үчүн

         Шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде БШКнын колл-борбору иштеп турду, анда 10го жакын майыптыгы бар  жарандар эмгектеништи. Ошондой эле WhatsApp номери аркылуу шайлоочулар менен видеобайланыш түзүлүп, угуу жана сүйлөө мүмкүнчүлүгү чектелген шайлоочулар жаңдоо тилинде суроолоруна жооп алышты.

Жарандардын айрым категориялары

         Борбордук шайлоо комиссиясы мамлекеттик органдар менен бирдикте өзгөчө шарттардагы жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашырууну камсыз кылуу механизмдерин иштеп чыгууну улантууда.

         Алсак, КР БШК тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте жарандардын айрым категорияларынын тизмесин тактоо боюнча иштерди жүргүздү. Бул багыттагы иштер үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.

         Жыйынтыгында вахталык  негизде иштеген 745 жаран аралыктан добуш берүү жолу менен орун-жайдан тышкары добуш берди.

         2024-жылдын 16-ноябрында тѳмѳндѳгүлѳрдүн кызматкерлерин кошуп алганда  8143 жаран орун-жайдан тышкары добуш берген:

         •Жаза аткаруу кызматтары,

         • Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети,

         • Коргоо министрлиги,

         • Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги,

         • Саламаттык сактоо министрлиги.

7.      Жергиликтуу кеңештердин депутаттарын шайлоодо жаңы маалыматтык системаларды жана шайлоо жабдууларын пайдалануунун натыйжалары жѳнүндѳ

          БШКнын Маалыматтык системалар жана шайлоочулардын тизмелери менен иштөө бөлүмүнүн башчысы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо жаңы маалыматтык системаларды жана шайлоо жабдууларын колдонуунун жыйынтыктарына токтолду.

 ШАЙЛООНУН АНЫКТЫГЫ

1. Шайлоочуларды эсепке алуу:

          •Бирдиктүү мамлекеттик реестрдин жана биометрикалык каттоонун негизинде шайлоочулардын тизмесин түзүү;

         • Биометрикалык идентификациянын негизинде шайлоого катышуу.

         2. Добуштарды эсепке алуу:

         • Бюллетендерди автоматтык түрдө сканерлөө жана добуш берүүнүн жыйынтыктарын электрондук эсептөө;

         • Ыкчам маалыматтарды берүү жана AЭУнун  натыйжаларын автоматтык түрдө көрсөтүү;

         • Кол менен эсептөө протоколдорунун сүрөттөрүн сканерлөө, АЭУнун отчеттору, идентификациялоо жана ИИС сайтында жарыялоо.

         3. Ачык-айкындык:

         • «Электрондук талапкер» АМС:

         - "Тундук" СМЭВ аркылуу талапкерлердин мыйзам талаптарына шайкештигин автоматтык түрдө текшерүү;

         - шайлоочуларга талапкерлер жана алардын программалары жөнүндө маалымат берүү;

         - фонддордун финансылык ачыктыгы;

         • Даттануулардын жана кайрылуулардын электрондук реестри;

         • Видеобайкоо (биринчи жолу).

         4. Аралыктан добуш берүү:

         • шайлоо участогунда добуш берүүгө мүмкүнчүлүгү жок шайлоочулардын катышуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү үчүн шарттарды түзүү;

         • жаштардын шайлоого катышуусун жогорулатуу;

         • ишенимдүүлүк жана ачыктык технологияларын өркүндөтүү

         5. Шайлоочуларды идентификациялоо

         Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо  мурда  5 компоненттен туруп, бардык функцияларды бириктирген, ошондой эле бюллетенди басып чыгаруу функциясын камтыган курама жабдуулар колдонулду.

         2024-жылдын 17-ноябрында өткөн Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо 5700 даана УИП колдонулду.

         Мурда  шайлоолорду республикалык масштабда өткөрүү үчүн 4 миллионго жакын бюллетенди басып чыгаруу керек болчу. Ар бир бюллетень болжол менен 6-7 сомдон турат.

         Ошондой эле ошол  бюллетендерди АШКга жеткирүү да талап кылынган, бул дагы кошумча чыгымдарды талап кылган.

         6. Шайлоочулардын катышуусу

          Республика боюнча шайлоочулардын жалпы катышуусу 28,80%ы түздү.    Шайлоочулардын тизмесине киргизилген 4 миллион 135 миң 39 жарандын ичинен 1 миллион 190 миң 857 шайлоочу добуш берди.

         Шаардык кеңештерге добуш берүү:

         1 620 243 шайлоочунун ичинен 404 139 адам катышты, бул 24,94%ды түзөт.

Шайлоочулардын эң жогорку активдүүлүгү Сүлүктү шаарында катталды - 44,31%.

         Шайлоочулардын эң төмөнкү активдүүлүгү Өзгөн шаарында катталды - 17,77%.

         Айылдык кеңештерде добуш берүү:

         2514796 шайлоочунун ичинен 786718 адам добуш берди, бул 31,28%.

         Шайлоочулардын эң жогорку активдүүлүгү - Байтик айылдык кеңеши - 46,62;

         Эң төмөнкү шайлоочулардын катышуусу – Жайыл айылдык кеңеши - 12,52%

Добуштарды эсептѳѳ

         «Маалыматтык шайлоо системасы» - МШС

         1. Автоматтык эсептѳѳ урнасы (АЭУ) – бюллетендерди кабыл алуу жана эсептөө.

         Модем – добуш берүү аяктагандан кийин БШКнын серверине маалыматтарды берүү.

         2024-жылы добуш берүү процессинин үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу үчүн бардык 5,700 АЭУнун  иштеши жакшыртылды.

         2. Негизги жана резервдик байланыш каналдары бар сервердик жана тармактык жабдуулар, АЭУнун маалыматтарын чогултуу үчүн программалык камсыздоо.

         2024-жылы сервердик   жабдууларды жаңыртуу максатында МШС серверлери жана киберкоопсуздук тармагынын жабдуулары үзгүлтүксүз иштөөнүн натыйжасында эскиргендигине байланыштуу  жакшыртылды (2025-жылдан бери иштейт). Үзгүлтүксүз иштөө үчүн сервердин сыйымдуулугу жогорулатылды, температураны көзөмөлдөө жана БШК серверин үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо үчүн жабдуулар жаңыланды.

3. МШС сайты

         Жалпыга кѳрүнүктүү болуу үчүн добуш берүүнүн натыйжаларын  ачык жана тез көрсөтүү.

         2024-жылы аралыктан добуш берүүнү (АДБ) киргизүүгө байланыштуу, ар бир УШК боюнча АДБнын жыйынтыгын көрсөтүү жагынан МШСга өзгөртүүлөр киргизилген.

         4. 2024-жылдын 17-ноябрында өткөн Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоогдо жаңыртылган функция менен 5700 даана АЭУ   (автоматтык эсептѳѳ  урнасы) колдонулду.

         5. 2024-жылдын 17-ноябрында өткөн Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо уюлдук байланыш жок болгон айрым алыскы райондорду кошпогондо, дээрлик бардык УШКлар байланыш менен камсыз болгон.

         2024-жылдын 30-октябрында мамлекет башчынын тапшырмасы менен MEGA мамлекеттик уюлдук оператору Баткен районунун эң обочолонгон бийик тоолуу жана барууга кыйын болгон Зардалы айылында 2G жана LTE (4G) стандарттуу базалык станцияларын ишке киргизди.

         Ошентип Зардалы айылындагы №8068 шайлоо участогунан 20.03тѳ материалдар  кезек боюнча    келип түшкөн.

         Бул участканын  өзгөчөлүгү мурда айылда таптакыр байланыш болгон эмес. Добуш берүүдөн кийин шайлоо участкасынын кызматкерлери   тоонун боорун бойлой жөө жүрүп, АЭУ коммуникациялары бар районго жеткирип, добуш берүү маалыматтары андан ары жөнөтүлгөн.

         6. 2024-жылы аралыктан добуш берүүнүн (ВВ) киргизилишине байланыштуу жыйынды таблицага жана МШСда  көрсөтүлгөн ар бир шайлоо участкасы боюнча АДБнун жыйынтыктарын көрсөтүүгө карата өзгөртүүлөр киргизилген.

         3 жагдай  кошулду:

         - аралыктагы  участкалардан добуш берген шайлоочулардын маалыматтары;

         - УШКнын АЭУнун корутунду маалыматтары + АДБнын  маалыматтары;

         - УШКга кол менен киргизүүнүн акыркы маалыматтары + АДБнын маалыматтары;

АЧЫК-АЙКЫНДЫК

         1. Саясий партиялар (СП) тарабынан шаардык кеңештерге талапкерлердин тизмелерин түзүүдө Система талапкерлердин мыйзамдардын  талаптарына ылайык келүүсүн аныктоого жардам берет жана автоматтык түрдө төмөнкүлөрдү сыдыргыдан ѳткѳрѳт:

         - бир жыныстагы адамдардын үлүшү;

         - ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар;

         - талапкерлердин соттуулугу бар/жок экендиги жөнүндө маалыматтар;

         - жарандыгы жана талапкерлердин катталган жери жөнүндө маалыматтар;

         - талапкерлерди башка саясий  партиялардын тизмесинде болуп калуусу.

         2. Шайлоонун ачык-айкындуулугун камсыз кылуу үчүн бардык 2437 УШКлар видеокөзөмөл камералары менен жабдылган.

         Аралыктан добуш берүү ѳткѳрүлгѳн  шайлоо участокторунда коомчулукка шайлоонун жүрүшүнө түз байкоо жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн берген онлайн-трансляция жүргүзүлдү.

         Видеокөзөмөлдүн жазуулары 2 шайлоо участкасында  талаштуу жагдайларды чечүүгө жардам берди.

КИБЕРКООПСУЗДУК

         1. Шайлоо учурунда киберкоопсуздукту камсыз кылуу боюнча чаралар:

         • сервердик инфраструктураны модернизациялоо;

         • кибер чабуулдардан коргоону күчөтүү;

         • программалык камсыздоону жана маалыматтык системаларды адаптациялоо;

         • кадрларды даярдоо.

         2. Кибер коркунучтарды алдын алуу:

         • 6 кол салуу учуру;

         • 260 миңден ашык зыяндуу суроо-талаптар;

         • коопсуздукту бузууга 22 миңден ашык аракет;

         • 91 инцидент (4 бөгөттөө талап кылынды);

         • 1,6 миллиондон ашык окуя, анын ичинен 282 миң коркунуч бөгөттөлгөн.

АРАЛЫКТАН ДОБУШ БЕРҮҮ

         1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 6-сентябрындагы Жарлыгы менен КР БШКга аралыктан добуш берүүнү колдонуу тапшырылды.

         Аралыктан добуш берүү (АДБ) - электрондук жана/же кагаз бюллетенин пайдалануу   жана добуш берүүнүн маалыматтарын автоматтык түрдө электрондук системада чогултуу менен   шайлоо участкасында (аралыктан) добуш берүү («Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренеси).

         Аралыктан добуш берүүнүн максаты:

         - шайлоо участкасында добуш берүүгө мүмкүнчүлүгү жок шайлоочулардын катышуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү үчүн шарттарды түзүү;

         - шайлоодо жаштардын активдүүлүгүн жогорулатуу;

         - аныктык жана ачыктык технологияларын өркүндөтүү.

         2. Аралыктан добуш берүү шайлоочулардын тизмесине киргизилген, бирок убактылуу жок болгондугуна байланыштуу туруктуу катталган жери боюнча шайлоо участогунда добуш бере албаган жана аралыктан добуш берүүгө катышууга арыз берген жарандарга добуш берүүгө мүмкүнчүлүк берүү үчүн арналган. 

         3. Бардык округдардан шайлоочулар аралыктагы участкада добуш беришет, бирок алардын добуштары паспортунда (каттоодо) белгиленген жерде эсептелет.

         Ар бир шайлоочуга тиешелүү округдун талапкерлери менен бюллетень басылып чыгарылат.

         4. Республика боюнча 10 аралыктагы участка ачылган (областтык борбордо - 6 жана   Бишкек шаарында -4).

         Ачылыш критерийлери калктын саны, студенттердин саны, ички миграциянын жогорку деңгээли болду.

         Берилген арыздардын жалпы саны: 9050.

         Жаш шайлоочулар (18–35): 72%.

         Арыз бергендердин арасында мамлекеттик органдардын жетекчилери, студенттер, аскер кызматкерлери, вахталык нөөмөттө иштегендер бар.

         Арыздарды эң активдүү кабыл алуу пункту Кыргыз улуттук университети болду (Бишкек) – 2134 арыз.

         5. Аралыктан добуш берүү аяктагандан кийин шайлоонун маалыматтык системасы (мындан ары – МШС)) тиешелүү шайлоо участокторунун жана округдарынын контекстинде бекитилген формада аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө электрондук протоколду автоматтык түрдө түзөт.

         Аймактык шайлоо комиссияларындагы системалык администраторлор ЭПДГны басып чыгарышат жана аны аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасына өткөрүп беришет, бул аймактык шайлоо комиссиялары тарабынан жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо ар бир округ боюнча шайлоонун жыйынтыктарын чыгарууда эске алынат.

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону маалыматтык камсыз кылуу

         Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү, арыздарды жана даттанууларды кароо, маалымат жана үгүт маселелери боюнча жумушчу топтун жетекчиси Узарбек Жылкыбаев жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоодо жүргүзүлүп жаткан маалыматтык иштердин негизги багыттарына кеңири токтолду. 

         Шайлоочуларды маалымдоо шайлоо процессинин ачык, айкындыгын камсыз кылууда жана жарандык активдүүлүктүн деңгээлин жогорулатууда негизги ролду ойнойт. Борбордук шайлоо комиссиясы жалпыга маалымдоо каражаттары менен активдүү өз ара аракеттенип, төмөнкүлөрдү камтыган кеңири масштабдуу түшүндүрүү иштерин жүргүздү:

         • шайлоону ѳткѳрүү мѳѳнѳтү,  

         • добуш берүү эрежелери,

         • катышуучу саясий партиялар, талапкерлер жана алардын программалары.

Шайлоону маалыматтык камсыз кылуу  боюнча БШКнын ишинин негизги багыттары:

ЖМКны аккредитациялоо

• Борбордук шайлоо комиссиясы 66 жалпыга маалымдоо каражаттарын  жана 16 интернет-басылманы аккредитациядан өткөрдү.

• Бардык аккредитацияланган ЖМКларга БШКнын ресурстарына (расмий веб-сайт, Facebook, Instagram, Telegram баракчалары, ошондой эле Google Drive'дагы материалдар) шилтемеси бар басма сѳз релиздери жана маалымат каттары үзгүлтүксүз жөнөтүлүп турду.

2. Саясий партиялардын теледебаттарын уюштуруу жана өткөрүү

         • Үгүт өнөктүгү учурунда “УТРК”, “Ош УТРК”, “Жалал-Абад УТРК”, “Нарын УТРК”, “Талас УТРК”, “Чүй УТРК” жана “Ысык-Кѳл ТК УТРК” телеканалдарында түз эфирде теледебаттар уюштурулду. 

         • Дебаттар 7 областтык шаарда өткөрүлүп, саясий партияларга шайлоочулардын кеңири аудиториясына өз программаларын көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Маалыматтык материалдарды иштеп чыгуу жана жайылтуу

• БШК кыргыз жана орус тилдеринде 116 видеоматериалдарды (телевизорлор жана социалдык тармактар, LED экрандар, статикалык телеэкрандар​​үчүн клиптер), жаңылыктар жана жарандардын шайлоо укуктарын жана добуш берүү эрежелерин түшүндүргөн башка материалдарды даярдап, өзүнүн платформаларына жайгаштырды.

         • 117 пресс-релиз даярдалып, веб-сайтка жайгаштырылды, ошондой эле ЖМКга жөнөтүлдү

         • БШКнын маалыматтык ресурстары: веб-сайт жана Facebook, Instagram, Telegram, YouTube'дагы расмий аккаунттары

         • УТРК, обл. теле кѳрсѳтүү , ЭлТР, НТС, Регион ТВ, 7-канал, ТВ15, Азия ТВ, ТВ1 телеканалдары менен кызматташуу.

         • Акипресс, 24KG, Sputnik Кыргызстан, Кабар маалымат агенттиктери менен кызматташуу.

         • Топтук WhatsApp чаттары жайылтуу үчүн ачылды:

         - ѳкүлчүлүктѳрдүн, акимчиликтердин, шаарлардын мэрлеринин, айыл өкмөттөрдүн катышуусу менен;

         - УТРКнын аймактык телеканалдарынын жетекчилеринин катышуусу менен;

         - «Кыргыз Туусу», «Эркин-Тоо», «Ош жаңырыгы», «Талас байрагы», «Баткен таңы», «Чүй баяны», «Акыйкат Жалал-Абад» гезиттеринин башкы редакторлорунун катышуусу менен;

         - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы менен;

         - Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы;

         - блогерлердин жана коомдук пикир лидерлеринин катышуусу менен.

ЖМКлар менен маалыматтык ѳз ара аркеттенүү

         • КР БШКнын төрагасы жана мүчөлөрү телеканалдарга, радиостанцияларга, гезиттерге жана маалымат агенттиктерине түз жана жаздырып алган 116 интервью беришти.

         • КР БШКнын көмөгү менен «УТРК Ала-Тоо 24» жана «ЭлТР» мамлекеттик телеканалдарында шайлоонун жүрүшү тууралуу 67 жаңылыктар сюжети даярдалды.

4.  БШКнын Instagram баракчасы:

• Шайлоо мезгилинде жалпы көрүүлөрдүн саны 925 825 адамды түздү.

• 140тан ашык видео жарыяланды.

• Эң популярдуу видеолор 120 миңден ашуун көрүүчүлѳрдү чогулткан.

• Инстаграм аркылуу жалпы аудитория 1 672 182 адамды түздү.

         Шайлоо учурунда социалдык тармактарга мониторинрг жүргүзүү  боюнча кеңеш

         Гуманитардык диалог борбору (Швейцария) менен биргеликте уюштурулган “Кыргызстандагы шайлоо учурунда социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүү” семинарынын алкагында Социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүү боюнча кеңеш түзүлдү. Кеңешке журналисттик бирикмелердин өкүлдөрү, медиа эксперттер жана медиа уюмдарынын өкүлдөрү кирди.

         Кеңештин мүчөлөрү социалдык тармактарда шайлоо процессине катышкан 39 саясий партия кол койгон Меморандумдун нормаларынын сакталышы боюнча мониторинг жүргүзүштү. Жалпысынан Кеңеш Facebook, Instagram жана Telegram тармактарында жайгаштырылган 50дөн ашык маалыматтык материалдарды талдады.

         Шайлоо алдындагы  өнөктүктүн жүрүшүндѳ социалдык тармактарда колдонуучулар тарабынан бир катар талапкерлерге жана партияларга карата жынысына жана курагына карата кастык маанайдагы сөздөр айтылып, талапкерлер менен партиялардын беделине шек келтирген фактылар жайылтылгандыгы  катталган. Талапкерлер тарабынан шайлоо мыйзамдарын бузууга, алсак  шайлоо мезгилинде кызматтык абалынан пайдаланууга жол берилген. Тийиштүү фактылардын негизинде Кеңеш партияларга  жана БШКнын жумушчу тобуна мындан ары  ыкчам чара кѳрүү боюнча  кабарлаган.

         Негизинен саясий партиялар жана талапкерлер шайлоочулар менен натыйжалуу баарлашуу үчүн социалдык түйүндөрдөгү аянтчаларды толук пайдаланышпайт. Көптөгөн партиялар шайлоочуларга маалымат берүү жана алар менен баарлашуу үчүн ѳздѳрүнүн  расмий аккаунттарын колдонушпайт. Айрымдары башкаларды жээрип, шайлоо алдындагы материалдарды жарыялоо менен  чектелип,  бир гана байланыш каналын колдонушат. Саясий партиялардын айрым аккаунттары колдонуучу аккаунт катары катталган, көпчүлүк аккаунттар текшерилген эмес.

КР БШКнын  жана Мета (Facebook)   өз ара аракеттери:

         • 2024-жылдын 4-ноябрында Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Facebook өкүлдөрү менен онлайн жолугушуусу болуп өттү, анда саясий жарнактарга мониторинг жүргүзүү жана каржылоонун ачык-айкындуулугун камсыздоо жолдору талкууланды.

         • 15 000 талапкердин тизмеси жөнөтүлдү, анын ичинен 5 000 талапкер саясий жарнак таратуучулар катары эсепке алуу үчүн партиялык тизмесин беришти.

         • Аккаунттарды текшерүү жана жарнамага уруксат берүү мыйзам бузууларды, анын ичинде жалган маалыматтын жана кастык сөздөрдүн жайылышын азайтууга жардам берди.

Блогерлер жана коомдук пикирдин лидерлери менен кызматташуу

         Жаш шайлоочулардын маалымат алуусун жогорулатуу жана аларды шайлоо процессине тартуу үчүн БШК инфлюенсерлер жана жарандык активисттер менен активдүү кызматташып келди.

         Чакырылган блоггерлердин арасында: Эртай Искаков, Таттубек Мамытов, Нуржан Элдияр уулу (Нурик Миньон), Нурбек Монолов, Мээрим Толепберген, Азирет Осмонов жана башкалар болду.

         Алардын демилгеси боюнча  БШКнын төрагасы менен 44 блоггер, активист жана коомдук ишмерлердин жолугушуусу болуп өттү, алардын  ичинде Атакул Жалилов, Анжелика Кайратова, Азамат Шаршенов, Атай Бейшенбек, Жакшылык Бекназаров, Эркин Рыскулбеков ж.б. бар.

         Жергиликтүү кеңештерге шайлоолор тууралуу маалымат берүү процессине блогерлер жана инфлюенсерлер активдүү катышып, элди добуштарды сатпоого, айылдын, шаардын, өлкөнүн өнүгүүсү үчүн туура тандоо жасоого чакырышты.  Алардын активдүү катышуусу кеңири  аудиторияны камтууга,  ѳзгѳчѳ жаштар арасында,   кѳмѳктѳшѳ алды.

Корутунду

         Ѳзүнүн корутунду сөзүндө КР БШКнын тѳрагасы Н.Шайлдабекова жаңы шайлоо циклинин алдыда болуучу шайлоолору шайлоо комиссияларынан дагы дыкат координациялоону, даярдыкты жана кылдат мамилени талап кылаарын баса белгиледи. Ачык-айкындуулукту, мыйзамдуулукту жана шайлоо процессинин бардык катышуучуларына бирдей шарттарды камсыз кылуу үчүн максималдуу күч-аракетти жумшоо жана мурдагыдай эле  жогорку деңгээлде ишти улантуу зарыл экендигине токтолду. Шайлоо комиссияларынын миссиясы шайлоону уюштуруу менен эле чектелбейт, ал ошондой эле ѳзүнѳ жарандардын шайлоо системасына ишенимин арттырууну жана Кыргыз Республикасында демократиянын негиздерин чыңдоону камтый тургандыгы белгиленди.

         Шайлоо комиссияларынын сиңирген эмгегин жана натыйжалуу иштерин баалоо менен    БШК аларга Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына Ардак грамоталарын жана ыраазычылык баракчаларын тапшырды.