БШКнын колл-борбору: 2024-жылдагы шайлоо мезгилиндеги ыкчам иштер жана иш-чаралардын жыйынтыгы
18 ноября 2024
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2024-жылдын 23-сентябрынан 17-ноябрына чейинки аралыкта колл-борбордун ишинин жыйынтыгын чыгарды. Колл-борбор жарандар менен ѳз-ара ыкчам аракеттенүү, шайлоо процессинин жүрүшү тууралуу маалымат берүү жана пайда болгон маселелерди чечүү үчүн түзүлгөн.
Негизги натыйжалар:
1. Кайрылуулардын саны жана иштетүү ылдамдыгы
Колл-борбор иштеген мезгилде өлкөнүн ар кайсы аймактарынан операторлорго 5020 чалуу түшкөн. Бир чалуунун орточо иштетүү убактысы 2 мүнөттү түздү, бул жарандардын кайрылууларына ыкчам жооп берүүгө жана күтүү убактысын кыскартууга мүмкүндүк берет.
2. Чалуулардын географиясы жана профили
Республиканын бардык аймактарынан жарандардан кайрылуулар келип түшкөн, бул шайлоочулардын жогорку деңгээлдеги активдүүлүгүн көрсөтүп турат. Чалуулардын саны боюнча алдыда Бишкек шаары (1887 чалуу) жана Жалал-Абад облусу (705 чалуу) болду.
Чалуучулардын жыныстык жана жаш курагын талдоо тѳмѳндѳгүлѳрдү көрсөттү:
• Болжол менен эркектер менен аялдардан бирдей сандагы чалуулар келген.
• Кайрылышкан жарандардын олуттуу бөлүгүн 25 жаштан 45 жашка чейинкилер түздү.
3. Шайлоочулардын суроолорунун тематикасы
Шайлоочулардан эң көп берилүүчү суроолор бир нече негизги блокторго топтоштурулду:
• Шайлоочулардын тизмесинен өзүн текшерүү – көпчүлүк чалуулар тизмеге киргизилгендигин текшерүү жана маалыматтарды оңдоо менен байланышкан.
• Талапкерлер жана саясий партиялар – жарандар партиянын программаларына жана талапкерлердин өмүр баянына кабүрѳѳк кызыгышты.
• Шайлоо алдындагы үгүт – республиканын тургундары үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча суроолорду беришти.
• Добуш берүүнүн жол-жоболору – добуш берүүнүн эрежелери, бюллетендерди толтуруунун тартиби жана шайлоо участкаларынын даректери тактоо.
• Шайлоонун натыйжалары – айылдык кеңештер боюнча мандаттарды бөлүштүрүү жана аялдарга мандаттарды бөлүштүрүү тартиби
4. Суроо-талаптарды иштетүүнүн натыйжалуулугу
Бардык кайрылуулар иштетүү статусу боюнча классификацияланган, бул татаал маселелерди кошумча кароого өз убагында жөнөтүүгө мүмкүндүк берди. Колл-борбордун операторлору суроо-талаптардын көбүн реалдуу убакыт режиминде чечүүгө аракет кылышты.
БШКнын колл-борборунун иши жарандардын шайлоо процессине байланыштуу суроолоруна ыкчам жана так жооп алууга жардам берип, жогорку деңгээлде натыйжалуулугун көрсөттү.
БШК өлкөдөгү шайлоо процессинин ачыктыгын жана жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу үчүн маалыматтык кызматтардын ишин жакшыртууну улантат.



