Добуш берүү үчүн бардык шарттар: жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жарандар үчүн жеткиликтүүлүк камсыз кылынган
17 ноября 2024
Добуш берүү күнүндө ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын (ДСМЧА) КР жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоого катышуусу үчүн шайлоо участкаларында бардык шартар уюштурулду. Бул чаралар «Жергиликтүү кеңештерди шайлоо жөнүндө» КР Мыйзамына ылайык көрүлгөн жана бардык жарандар үчүн тең укуктарды жана мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылууга багытталган мамлекеттик саясаттын ажырагыс бөлүгү болуп саналат.
Шайлоонун алдында шайлоо комиссиялары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте белгилүү бир жерде жашаган ден соолунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочулардын керектөөлөрүнүн карталары түзүлдү. Ушул карталарга ылайык шайлоо участкаларында ден солугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочуларды колдоо боюнча иш-чаралар жүзөгө ашырылды. Алсак:
- добуш берүү үчүн жай имараттардын биринчи кабаттарында жайгаштырылды;
- ыңгайлуу келип-кетүү жана жөө жүрүү жолдору, жеке автотранспортун токтотуучу жерлер уюштурулду;
- пандустар, жардамга чакыруу баскычтары, тактилдик көрсөткүчтөр орнотулду;
- жетиштүү жарыктандыруу камсыз кылынды ;
- талапкерлер жана саясий партиялар жөнүндө материалдар менен маалыматтык такталар жайгаштырылды. Маалыматтар чоңойтулган шрифте, ошондой эле Брайль шрифтин пайдалану менен даярдалды;
- шайлоо материалдары бардык категориялардагы шайлоочулар үчүн жеткиликтүү болгудай жайгаштырылды;
- добуш берүү үчүн кабиналар кресло-колясканы пайдаланган шайлоочулар үчүн ыңгайлаштырылды жана добуш берүүнүн жашыруундуулугу камсыз кылынды. Кабиналар атайын трафареттер, лупалар, кошумча жарыктандыруу жана стулдар менен жабдылды.
Көрүүсү бузулган шайлоочулар катталган бардык шайлоо участкалары үчүн Брайль шрифти менен шайлоо бюллетендери жана трафареттер жиберилди. Брайль шрифти менен бардыгы 983 бюллетень даярдалды:
- 749 бюллетень — шаардык шайлоо участкалары үчүн;
- 234 бюллетень — айылдык шайлоо участкалары үчүн.
КР БШК добуш берүү үчүн тең шарттарды түзүү шайлоо реформасынын бирден бир чечүүчү багыттарынан болуп саналаарын баса белгилейт. ДСМЧ жарандар добуш берүүгө катышууга толук жеткиликтүүлүккө жана шайлоо участкаларындагы комфорттук чөйрөгө ишене алышат.



