Жергиликтүү кеңештерге шайлоодо жайдан тышкары 8167 адам добуш берди

17 ноября 2024

16-ноябрда шайлоо күнүндө шайлоо участкасына келүүгө мүмкүнчүлүгү болбогон жарандар үчүн жайдан тышкары добуш берүү саат 20:00дө аяктады.

Күн боюу саат 8:00дөн саат 20:00гө чейин добуш берүүгө 8167 адам катышты, бул жайдан тышкары добуш берүүгө арыз беришкен шайлоочулардын 85,6% түзөт.

Добуш берүүнүн ушул форматына катышууга бардыгы 9538 арыз келип түшкөн. Алардын арасында:

  1. курагы боюнча – 3746 арыз,
  2. майыптыгы боюнча – 1979 арыз,
  3. ден соолугунун абалы боюнча – 3145 арыз,
  4. айрым категориялардагы шайлоочулардан – 668 арыз.

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жайдан тышкары добуш берүү ден соолугунун абалы же майыптыгы боюнча шайлоо участкаларына келе алыщпаган шайлоочулар, ошондой эле ооруканаларда, камакта кармоо жайларында кармалып турган же алыскы калктуу конуштарды жана мал чарбасынын алыскы участкаларын кошуп алганда, жетүүгө кыйын райондордо убактылуу жашаган жарандар үчүн уюштурулат.

Ушул мүмкүнчүлүктүн аркасында шайлоо жарандардын бардык категориялары үчүн жеткиликтүү болуп калууда, бул шайлоочулардын тартылышынын жакшы деңгээлин ырастайт.