Аралыктан добуш берүү 10 шайлоо участкасында өтүп жатат
17 ноября 2024
Кыргызстанда биринчи жолу аралыктык режимде добуш берүү өтүп жатат – деп билдирди КР Борбордук шайлоо комиссиясы. Аралыктан добуш берүү туруктуу катталган жери боюнча шайлоого катышууга мүмкүнчүлүгү болбогон шайлоочулар үчүн уюштурулган. Шайлоо жөнүндө мыйзамдардагы акыркы өзгөртүүлөргө ылайык ушундай шайлоочулар үчүн иш жүзүндө жүргн жери боюнча өзүлөрүнүн жергиликтүү кеңештеринин депутаттары үчүн добуш берүү мүмкүнчүлүгү түзүлгөн.
Аралыктан добуш берүү үчүн 10 шайлоо участкасы уюштурулган. КР БШК аралыктан добуш берүүгө арыз бергендердин баардыгын төмөнкү даректер боюнча шайлоо участкаларында күтөөрүн эсиңерге салат:
- Бишкек ш., Кыргыз улуттук университетинин башкы корпусу ( М.Фрунзе, көчөсү 547);
- Бишкек ш., Октябрь райондук мамлекеттик администрациясынын имараты (Байтик Баатыр көчөсү, 17);
- Бишкек ш., библиотека для детей и юношества им. К.Баялинов атындагы балдар жана өспүрүмдөр үчүн китепкана (А.Огонбаев көчөсү, 242);
- Бишкек ш., А.Малдыбаев атындагы опера жана балет театры ( Ю.Абдрахманов көчөсү, 167);
- Ош ш., А.Навои атындагы орто мектеп (А.Масалиев көчөсү, 37);
- Жалал-Абад ш., Б.Осмонов атындагы мамлекеттик университет (Т.Байзаков көчөсү, 25);
- Каракол ш., К.Тыныстанов атындагы мамлекеттик университет (К.Тыныстанов көчөсү, 26);
- Нарын ш., Ленин көчөсү № 76, Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын имараты;
- Баткен ш., Ж.Боконбаев атындагы орто мектеп ( Ж.Момунов көчөсү, 16);
- Талас ш., областная библиотека им. А.Токтогулов атындагы областтык китепкана (Ч.Айтматов көчөсү, 353).Бүткүл республика боюнча өзүлөрүнүн жергиликтүү кеңештеринин депутаттары үчүн аралыктан добуш берүүнү каалагандыгын билдирген 9 миңден ашык шайлоочу катталган. Көбүнчө мындай мындай шайлоочулар Бишкекте - 4879 адам. Арыз бергендердин ичинде – мамлекеттик органдардын жетекчилери, студенттер, аскер кызматчылары, жашаган жеринен алыста вахталык режимде иштеген адамдар. Арыздардын 70% ашыгы 18-35 жаштагы жаш шайлоочулардан келип түшкөн.
Баардык суроолор боюнча тез линиянын – 1255 жана 119 кыска номерлерине чалууга болот. Чалуулар акысыз.