КР БШК эске салат: бүгүн - 16-ноябрь шайлоо алдындагы “жымжырт күн”
16 ноября 2024
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо процессинин катышуучуларына 2024-жылдын 16-ноябрында “жымжырттык күнү” башталгандыгы тууралуу маалымдайт, бул күнү шайлоо алдындагы үгүт иштеринин бардык түрлѳрүнѳ катуу тыюу салынат.
Чектөөлөргө төмөнкүлөр кирет:
• ЖМК, интернет басылмалар жана социалдык тармактар аркылуу үгүт иштерин жүргүзүүгө тыюу салуу;
• Ачык үгүт иш-чараларына, анын ичинде митингдерге, чогулуштарга жана теледебаттарга тыюу салуу;
• Үгүт материалдарын (басма, аудиовизуалдык жана башка) таратууну токтотуу;
• Мыйзамда каралган үгүт жүргүзүүнүн башка формаларын чектөө.
• Мурда жайгаштырылган үгүт материалдары (плакаттар, көрнөк-жарнактар ж.б.), эгерде алар шайлоо комиссияларынын имаратынан тышкары жайгаштырылса, ѳз ордунда тура берет.
БШК мыйзам бузуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик чараларына алып келерин эскертет.
“Жымжырттык күнүндө” шайлоо комиссияларынын маалыматтык иш-чаралары улантылат: ага мыйзамдарды жана добуш берүүнүн жол-жоболорун түшүндүрүү, ошондой эле шайлоого катышууга чакырыктар кирет.
Бул маанилүү күнү жоопкерчиликтүү болуп, мыйзамдарды сактаңыз!
