Саясий партиялардын эсине: Саясий партияларга жана шайлоо процессине ыңгайлуу болушу үчүн Айылбанк 16-ноябрь күнү иштиейт
15 ноября 2024
«Айылбанк» ААК саясий партияларга, шайлоо комиссияларына жана жарандарга 2024-жылдын 16-ноябрында ишемби күнү райондун борборлорунда жайгашкан банктын бардык филиалдары жана сактык кассалары штаттык режимде иштей тургандыгын маалымдайт. Мындай чечим алдыда боло турган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого байланыштуу финансылык операцияларды өз убагында аткарууну камсыз кылуу максатында кабыл алынды.
Тѳмѳндѳүгүлѳр жеткиликтүү болот:
• Эсеп-кассалык операциялар: шайлоо өнөктүгүнө байланыштуу төлөмдөрдү жана которууларды иштетүү.
• Шайлоо комиссиялары үчүн финансылык кызмат кѳрсѳтүүлѳр: зарыл болгон каражаттарга тез алууну камсыз кылуу.
• Жарандарды тейлѳѳ: шайлоонун катышуучулары жана байкоочулар үчүн пайдалуу болушу мүмкүн болгон каражаттарды алуу жана салуу боюнча кызмат кѳрсѳтүүлѳр.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы “Айылбанк” ААК жетекчилигине шайлоону уюштурууга жана шайлоо процессине колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирет.
КР БШК шайлоонун бардык катышуучуларын, анын ичинде саясий партияларды 16-ноябрдагы иш күнүндө банктын кызматтарынан пайдалануу менен каржы маселелерин алдын ала чечип алууга чакырат.
Иштѳѳ графиги же кызмат көрсөтүүлөр боюнча кошумча маалымат алуу үчүн «Айылбанк» ААКтын ишеним телефонуна чалыңыз же банктын расмий сайтына кирсеңиз болот.
