Бишкекте жаштар үчүн шайлоого арналган “Катыш! Танда! Шайла!” интеллектуалдык оюну болду
15 ноября 2024
2024-жылдын 14-ноябрында Бишкекте Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан (КР БШК) Өнүктүрүү саясаты институту, “Жарандык катышуу” КФ жана КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин катышуусунда Кыргызстандын жаштар кыймылы менен биргеликте уюштурулган “Катыш! Танда! Шайла!” интеллектуалдык оюну Quiz Night форматында өттү.
Иш-чара жарандык жоопкерчиликтин жана шайлоо процессинин маселелерин талкуулоого катышууну энтузиазм менен кабыл алышкан студенттерди жана жаштар уюмдарынын өкүлдөрүн кошуп алганда, 100дөн ашык катышуучуларды чогултту.
Кече эки айдын аралыгында “Катыш! Танда! Шайла!” кампаниясынын алкагында өткөн «Сенин добушуң — сенин күчүң» («Твой голос — твоя сила») видеороликтердин сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо салтанаты менен ачылды. Көптөгөн жумуштардын ичинен калыстар 10 жакшысын тандап алган. Башкы байге – iPhone 16ны жогорку бааны алган видеоролик үчүн Жыргалбеков Тагай алды. Калган финалистер жаштар арасында активдүү, жоопкерчиликтүү жарандык позицияны калыптандыруудагы салымы үчүн ыраазычылык грамоталар жана эстелик байгелер менен сыйланышты.
Сыйлоо салтанатынан кийин иш-чаранын негизги бөлүгү – кызыктыруучу жана мыкты Quiz Night башталды. Жаштар шайлоонун тарыхы, шайлоо укуктары жана жергиликтүү кеңештердин ролу тууралуу өзүлөрүнүн билимин даңазалашты.
Оюндун негизги милдети 2024-жылдын 17-ноябрында болуучу жергиликтүү кеңештерге шайлоо жөнүндө жаштардын кабардар болуусун жогорулатуу болгон. Катышуучулар шайлоочулардын укуктары, коомдун турмушунда жергиликтүү кеңештердин мааниси жана демократиялык процесске жеке катышуунун маанилүүлүгү жөнүндө көп нерселерди билишти. Андан тышкары оюн командалык иштин көндүмдөрүн, критикалык ой-жүгүртүүлөрдү өнүктүрүүгө жана жарандык милдеттерге жооптуу мамиле жасоону калыптандырууга өбөлгө түздү.
Уюштуруучулар ушул сыяктуу демилгелер жаштарда шайлоого болгон кызыгууну ойготууга, шайлоо системасына ишенүүнү бекмдөөгө жардам берээрине жана жаштардын коомдун жашоосуна кыйла активдүү катышуусуна дем берээрине ишенгендигин билдиришти.
«Биз, бүгүнкү иш-чара жаштардын арасында шайлоо активдүүлүгүн жогорулатуу жолунда маанилүү кадам болооруна ишенебиз. Ар бир добуш мааниге ээ!» – деп белгилешти КР БШКнын өкүлдөрү.
Оюн катышуучуларда тунук пикирлерди жаратуу жана өлкөнүн келечегин калыптандыруудагы алардын ролунун маанилүүлүгүн түшүнүүсүн арттыруу менен позитивдүү нотада аяктады.



















