Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоонун коомдук мониторинги боюнча байкоочулар үчүн семинар
14 ноября 2024
2024-жылдын 17-ноябрында Кыргыз Республикасында жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо болот.
Ушул окуянын босогосунда 2024-жылдын 14-ноябрында Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасындагы Эл аралык республикалык институттун көмөктөшүсүүнүн алдында коомдук байкоочулар жана саясий партиялардын жана талапкерлердин байкоочулары үчүн семинар өткөрдү.
Семинарга КР БШКнын төрагасынын орун басары Н.Ч. Койчукеев жана КР БШКнын мүчөлөрү У. Жылкыбаев, А. Жумалиева, И. Гайпкулов,
А. Бекматов, М. Абдалиев катышты.
Кыргыз Республикасындагы Эл аралык республикалык институттун директору Димитар Стойков бул жыл бүткүл дүйнө боюнча шайлоолордун санынын көптүгү менен белгилүү деп белгиледи. Кыргызстан демократиялык институттарды жана практиканы чыңдоого өз салымын кошуу менен бул чоң глобалдуу процесстин бир бөлүгү болуп саналат.
Байкоочулар шайлоолордо шайлоо нормаларынын сакталышына көз карандысыз контролду камсыз кылуу, укук бузуулардын алдын алуу, ошондой эле жарандардын эрк-ниетин билдирүүсүнүн эркиндигин жана тазалыгын камсыз кылуу жолу аркылуу демократиялык процесске өбөлгө түзүү менен шайлоонун натыйжаларына коомдун ишенимин бекемдөөдө чечүүчү роль ойнойт.
Семинардын катышуучулары жергиликтүүкеңештерге шайлоонун өзгөчөлүктөрү менен таанышты, аларга байкоочулардын укуктары жана милдеттери, даттанууларды жана арыздарды кароонун тартиби түшүндүрүлдү.
Ыкчам чара көрүү координациялык топторунун ишинин алкагында укук коргоо органдары менен координациялоодо мыйзамдуулукту, шайлоо процессинин коопсуздугун жана айкындуулугун камсыз кылууга өзгөчө көңүл бурулду.
Шайлоо технологияларына жана алардын мүмкүнчүлүктөрүнө тиешелүү маселелер катышуучулардын өзгөчө кызыгуусун жаратты. Быйылкы жылы биринчи жолу бардык шайлоо участкаларында видеобайкоо колдонулат. Аралыктан добуш берүү жана айрым шайлоо участкаларында видеобайкоо онлайн режиминде, калгандары видеотартып алуу режиминде жүргүзүлөт.
Ошондой эле маалымат иретинде катышуучулар шайлоо мезгилинде социалдык тарамдардын мониторинги боюнча Советтин иши менен таанышты.
Аягында КР БШКнын мүчөлөрү катышуучулардын бардык суроолоруна жооп беришти.
