17-ноябрдагы шайлоолор: орун-жайдан тышкары добуш берүүгө арыздарды кабыл алуу аяктады

14 ноября 2024

КР Борбордук шайлоо комиссиясы 17-ноябрга дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо орун-жайдан тышкары добуш берүү мүмкүнчүлүгүн берүү боюнча ѳлкѳнүн шайлоо комиссияларына 9538 арыз түшкөнүн билдирди.

Улгайган курагына байланыштуу шайлоо участкаларына келе албаган шайлоочулардан - 3746 арыз, майыптыгы боюнча – 1979 арыз, оорусуна байланыштуу – 3145 арыз жана 668 арыз айрым категориялардын өкүлдөрүнөн, б.а. үзгүлтүксүз иштөө (вахта жумуштарында) цикли бар ишканаларда, стационардык дарылоо-профилактикалык мекемелерде, шектүү жана айыпкер катары камакта кармоо жайларында турган жарандардан, ошондой эле аскер кызматчыларынан жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнѳн, аскер бөлүктөрүндө жашаган башка адамдардан, мѳѳнѳттүү аскер кызматчыларынан келип түшкѳн.

2437 участкалык шайлоо комиссияларынын ичинен 1129 комиссия орун-жайдан тышкары добуш берүүнү уюштурууга тийиш.

 

Аймак

Участкалык шайлоо комиссияларынын жалпы саны

Арыз келип түшкѳн участкалык шайлоо комиссияларынын саны

Орун-жайдан тышкары добуш берүүгѳ арыздардын саны

Бишкек ш.

268

179

1907

Ош ш.

102

69

982

Баткен облусу

219

89

664

Ош облусу

492

217

1522

Чуй облусу

369

136

1225

Нарын облусу

169

110

664

Жалал-Абад облусу

452

190

1878

Талас облусу

117

53

324

Ысык-Кѳл облусу

249

86

372

       

Баары:

2437

1129

9538