Шайлоо 17-ноябрь: шайлоого карата шаардын даярдыгын Бишкекте талкуулашты

14 ноября 2024

Шаардык кеңешке депутаттарды шайлоого карата даярдык боюнча иш-чаралар аяктасын – 17-ноябрга дайындалган шайлоону уюштуруу маселелерин жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылууну чечүүдө аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүү боюнча Бишкек шаардык штабынын чечими так ушундай болду.

Штабдын жыйыны 12-ноябрда Бишкек аймактык комиссиясынын төрагасы Б. Конуровдун, райондук администрациялардын акимдеринин, мамлекеттик органдардын, шаардык инфратүзүмдүн ишканаларынын жана билим берүүнүн жетекчилеринин катышуусу менен Бишкек шаарынын мэри А.Джунушалиевдин төрагалыгынын астында болуп өттү.

Штабдын жыйынында райадминистрациялардын башчылары алдыда болуучу шайлоону даярдоо боюнча иш-чаралардын планынын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө отчет беришти. Бишкектин мэри аларга шайлоо участкаларынын шайлоого даярдыгын, анын ичинде алардын материалдык-техникалык жабдылышын жеке көзөмөлгө алууну тапшырды.

Административик-аймактык реформанын натыйжасында Бишкек шаарынын курамына бир катар айыл аймактары кирди. Бүгүнкү күндө шайлоочулардын саны 642 адамды түздү. 51 депутаттык мандат үчүн 7 саясий партиядан 320 талапкер күрөшөт, алардын ичинен 112си – аялдар.

Добуш берүү күнүндө Бишкекте 268 шайлоо участкасы иштейт. Алардын баары шайлоо бюллетендери үчүн автоматтык эсептөөчү урналар менен жабдылган, операторлор жаңыланган жабдуулар менен иштөөгө окутулган.

Бишкек – аралыктан добуш берүүгө арыздардын кыйла көп саны – дээрлик 5 миң арыз катталган шаар. Добуш берүү күнүндө аралыктан добуш берүүнү каалагандыгын билдирген шайлоочулар үчүн төмөнкү даректер боюнча 4 шайлоо участкасы ачылат:

  1. Кыргыз улуттук университетинин башкы корпусу (М.Фрунзе көчөсү, 547);
  2. Октябрь райондук мамлекеттик администрацисынын имараты (Байтик Баатыр көчөсү, 17);
  3. К.Баялинов атындагы балдар жана өспүрүмдөр үчүн китепкана (А.Огонбаев көчөсү, 242);
  4. А.Малдыбаев атындагы опера жана балет театры (Ю.Абдрахманов көчөсү, 167).

Ошондой эле 16 жана 18-ноябрда УШК жайгашкан балдар бакчаларында жана мектептерде санитардык тазалоо жумуштарын жүргүзүү үчүн окуу сабактары онлайн форматта өтөт.