Шайлоо 17-ноябрь: жергиликтүү кеңештерге шайлоого даярдык боюнча Нарын облустук штабынын кеңешмеси
11 ноября 2024
17-ноябрга дайындалган жергиликтүү кеңештерге шайлоого даярдануу жана өткөрүү маселелери Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 6-сентябрындагы Жарлыгын аткаруу максатында алдыда болуучу шайлоону уюштуруучулук жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу маселелерин чечүүдө аймактык жана участкалык комиссияларга көмөк көрсөтүү боюнча 11-ноябрда Нарын шаарында облустук штабдын кеңешмесинде талкууланды.
Кеңешменин ишине КР Борбордук шайлоо комиссиясынын Төрагасынын орун басары Т.Шайназаров, КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү А.Эргешов, Нарын шаарынын мэри К.Тутуев, райондук администрациялардын башчылары, жергиликтүү өз аллдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, прокуратура, укук коргоо органдарынын, шаардык инфратүзүмдөрдүн жана билим берүүнүн өкүлдөрү, аймактык шайлоо комиссияларынын төрагалары, КР БШКнын атайын өкүлдөрү катышты.
Кеңешменин катышуучулары алдыда болуучу шайлоого материалдык-техникалык даярдыктын жүрүшүн талкуулады. Кеңешменин жыйынтыктары боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлоо күнүндө шайлоо комиссияларынын ишке толук даярдыгын камсыз кылуу тапшырылды. Өзгөчө бул Нарын облусунун аба-ырайынын катаал шарттарын эске алуу менен участкаларды жылытууга тиешелүү:
- аймактык шайлоо комиссияларына резервдик жабдууларды сактоо үчүн жай берилсин ;
- шайлоо участкалары мамлекеттик желектер менен камсыз кылынсын;
- шайлоо комиссиялары көчүрмөлөөчү аппараттар менен камсыз кылынсын;
- добуш берүү үчүн жай үзгүлтүксүз электрэнергиясы, байланыш менен камсыз кылынсын, ошондой эле генераторлор менен жабдылсын;
- онлайн трансляциялоо жана видео тартып алуу үчүн видеокамераларды орнотууга көмөк көрсөтсүн.
Т.Шайназаровдун сунушу боюнча шайлоо күнүндө 169 шайлоо участкасында шайлоо техникасынын үзгүлтүксүз иштөөсүнө ыкчам режимде көз салуучу техникалык жардам көрсөтүүчү 49 атайын топту транспорт менен камсыз кылуу маселеси чечилди.
Ошондой эле ДСМЧ шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн шарттар да талкууланды, облус боюнча – 505 адам. ДСМЧ керектөөлөрүнүн картасына ылайык 160 шайлоо участкасында пандустар, чакыруу кнопкалары орнотулду. Бардык жерде ири шрифт менен жана/же Брайль шрифтин колдонуу менен шайлоо жөнүндө маалыматтар бар такталар жайгаштырылды.
Т.Шайназаров белгилегендей, Кыргызстанда шайлоонун эволюциясы азыркы убакта административдик ресурсту колдонуу, шайлоочулардын добуштарын сатып алуу сыяктуу бузуулардын сезилээрлик азайышына алып келди. Алсак, бүгүнкү күндө Нарын облсунун ыкчам чара көрүү тобунда (ЫЧККТ) болгону 2 бузуу катталган, алар боюнча тиешелүү ыкчам чаралар көрүлдү. Облустун укук коргоо органдарына шайлоо убагында коомдук тартипти камсыз кылуу, шайлоо участкаларын кайтаруу, шайлоо участкаларына шайлоо жабдууларын ташуунун, жеткирүүнүн жана кайтаруунун коопсуздугу; шайлоочулардын добуштарын сатып алууга жана административдик ресурсту пайдаланууга, мыйзамдарды башка бузууларга өз убагында жана натыйжалуу каршы аракеттенүү тапшырылды. Мында ЫЧККТга кирген бардык органдар өзүлөрүнүн компетенциясынын чектеринде аракеттенүүгө тийиш.
Административдик-аймактык реформанын натыйжасында Нарын облусунда жергиликтүү кеңештердин саны 64төн 28ге чейин кыскарды, алардын ичинен 1 – шаардык. 122 шайлоо округу боюнча талапкерлер 558 депутаттык мандат үчүн күрөшөт, алардын ичинен 214ү аялдар үчүн резервделген.
Нарын обласусунун Нарын шаарында Ленин көчөсү №76 дареги боюнча, Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн имаратында аралыктан добуш берүү үчүн участок ачылган.
Нарын шаары боюнча аралыктан добуш берүүгө катышууга 111 арыз берилген, алардын ичинен 21 — аскер кызматчыларынан.
Бардыгы облус боюнча шайлоочулардын саны 221082 адам, шайлоо процессин 6 аймактык жана 169 участкалык шайлоо комиссиясы камсыз кылат, аларда 1733 адам иштейт.












