Урматтуу жаштар жана кымбаттуу достор! Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы Сиздерди - Жаштар күнү майрамыңыздар менен куттуктайт!
10 ноября 2024
10-ноябрь — дүйнө жүзүндө Жаштар күнү катары, Дүйнөлүк демократиялык жаштар федерациясынын негизделген күнүнө арналып белгиленет. Кыргыз Республикасынын демократиялык курсун ишке ашырууда өсүп келе жаткан муундун ролу жогорулап жаткандыгын эске алуу менен 2002-жылы бул күн Кыргыз Өкмөтү тарабынан расмий түрдө Жаштар күнү катары белгиленген.
Жаштар – бул коомубузду жаңылоонун, өлкөнү өнүктүрүүнүн негизги кыймылдаткыч күчү. Кыргызстаныбыздын келечеги билимдүү, таланттуу жана ар тараптуу ийгиликтерге жетишкен, заман талабына ылайык жаңы технологияларды өздөштүргөн жаштардан көз каранды.
Сиздердин демилгелериңиздер, креативдүүлүгүңүздөр жана өзгөрүүгө болгон жигердүүлүгүңүздөр бизге чоң натыйжаларга жетүүгө жардам берет жана өлкөбүздүн өнүгүүсүн камсыз кылат.
Мамлекетибиздин маданият, билим чөйрөлөрүнүн кадыр-баркын көтөргөндөр, коомдук иш чараларга активдүү катышып жетекчилик кызматтарда, бизнесте дагы ийгиликтерди жаратып жатышкандар, мекенибизге чеп болуп турган жана спорт тармагында жеңиштерге жетип желегибизди бийик желбиреткендер дагы жаштарыбыз экендиги баарыбыз үчүн кубанычтуу.
Жаштар – өлкө тиреги, элибиздин ишеничи. Ошондуктан, өз жашооңор менен байланышкан мамлекетибиздин өсүп-өнүгүү багытын дагы иштерде маанилүү чечимдерди кабыл алууга жана аны жүзөгө ашырууда бар күчүңөрдү жумшай беришиңерге тилектешпиз.
Биз сиздерден эгемен элибиздин эртеңкисине бийик карап, жакшы максаттарда алдыда боло турган маанилүү шайлоого активдүү катышып, татыктууларды тандайсыздар деген ишенимдебиз.
Сиздерге бекем ден соолук, кажыбас кайрат, бакубат турмуш жана Кыргызстандын жаркын келечеги жолунда сапарыңардын байсалдуу болушун каалайбыз!
Терең урматтоо менен,
КР БШКнын төрагасы Н.К.Шайлдабекова
