Кыргызстандын жаштарынын Күнүнө карата иш-чаралардын жана акциялардын анонсу

09 ноября 2024

«Катыш! Танда! Шайла!» кампаниясынын алкагында, КР Борбордук шайлоо комиссиясы КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, ошондой эле өнөктөш жаштар уюмдары менен биргеликте Кыргызстандын жаштарынын Күнүнө арналган жаштар иш-чараларынын сериясын жүргүзүүдө. Акциялар алдыда турган шайлоого катышууга жаштарды тартууга жана жарандык кабардар болуусун жогорулатууга багытталат.

  1. «Zhashtar CUP» жаштар арасындагы дебаттык турнир

Өткөрүү датасы: 2024-жылдын 10-ноябры

Катышуучулар: Бишкек шаарынын жогорку окуу жайларынын студенттеринин 28 командасы

  • актуалдуу социалдык жана саясий темадагы дискуссияга жаштарды тартууга багытталган. КР БШКнын жана КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу алдында Кыргызстандын Жаштар Кыймылы уюштуруучулардан болуп саналат.
  • жана сыйлоо салтанатына төмөнкү ардактуу меймандардын: КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаевдин жана КР БШКнын төрагасы Нуржан Шайлдабекованын катышуусу пландаштырылууда.

2. Quiz Night «Катыш! Танда! Шайла!» интеллектуалдык оюну

3. Өткөрүү датасы: 2024-жылдын 14-ноябры

Катышуучулар: Бишкек шаарынын ири ЖОЖдорунун студенттеринен түзүлгөн командаалар 4төн 5 адамга чейин

Quiz Night – бул интерактивдүү интеллектуалдык мелдеш, анын жүрүшүндө жаштар жергиликтүү кеңештерге шайлоо, анын коомчулук үчүн мааниси жөнүндө билимдерин тереңдетишет, ошондой эле шайлоочулардын укуктарын окуп үйрөнүшөт. Бишкек шаарынын университеттеринен 4-5 адамдан турган 20 команданын катышуусу күтүлүүдө, бул 100гө жакын катышуучуларды жана 20 конокту камсыз кылат.

Quiz Night максаты жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого жаштарды тартууну, командалык иштин жана критикалык ой жүгүртүүнүн көндүмдөрүн өнүктүрүүнү камтыйт. Катышуучуларды гаджеттерди сатып алууга сертификаттарды кошуп алганда, баалуу байгелер, ошондой эле «Мыкты креатив» жана «Командалык духтун лидери» сыяктуу ар түрдүү номинациялардагы эстелик сертификаттар жана кызыктыруучу сыйлыктар күтөт.

Урматтуу жаштар! Эгерде силерге бул тема кызыктуу болсо же силер көптү билүүнү кааласаңар, силер зарыл маалыматтар үчүн төмөнкү телефон боюнча кайрыла аласыңар:

0552 566 544 (Кыргызстандын Жаштар Кыймылы).