Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү менен куттуктоо!
07 ноября 2024
Урматтуу кыргызстандыктар!
Сиздерди Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жалпы жамаатынын атынан Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү менен куттуктайбыз!
Ата-бабаларыбыздын баскан ыйык жолу - өзүнө миң деген жылдарды камтып, түрдүү окуяларга бай болуп, нечен деген каарман баатырлары менен даңазалуу экендигин карт тарыхыбыз айкын далилдеп келет.
Айкөл Манас атабыз баштаган көрөгөч, акылман, баатыр жана өз Мекенин ыйык тутуп, ал үчүн жанын берген чыныгы бабаларыбыз аркасында улутубуздун уңгусу – тилибиз-дилибиз, маданиятыбыз жана салт-санаабыз сакталып, көз карандызысыз өлкө катары түптөлдүк жана дүйнө элине таанылдык. Биз мына ошол тарыхыбыз жана тарыхый инсандарыбыз менен башыбызды бийик көтөрүп сыймыктанабыз.
Ата - Журт тарыхында улуттук мамлекеттүүлүк идеясынын калыптанышына, бышып жетилишине жана анын өсүп-өнүгүшүнө өз салымдарын кошуп, аны бизге мурас кылып калтырган мына ошол бабалар изин эч качан эсибизден чыгарбоого тийишпиз.
Тарыхынын тамыры терең, өзөгү күчтүү кыргыз элинин урпактары катары, күнөстүү Кыргызстаныбызды көздүн карегиндей сактап, ата-бабалар аздектеп бизге тапшырган дөөлөттөрүбүзгө аяр мамиле жасап, келечек муунга татыктуу өткөрүп берүү вазийпабызды уланта берели.
Өлкөбүздө ар дайым тынчтык болсун, элибизге бейпил жашоо, бакубат турмуш каалайбыз!
КР БШКнын жалпы жамааты!

