Шайлоо 17-ноябрь: Ош облусунун айылдарында жаштар менен маалыматтык жолугушуулар өтүп жатат

06 ноября 2024

Ош облусунда 2024-жылдын 4-ноябрынан тартып 6-ноябрын кошуп алганда БШКнын мүчөсү А. Жумалиеванын катышуусу менен бир катар маалыматтык жолугушуулар өткөрүлүп жатат, алардын максаты – 2024-жылдын 17-ноябрына дайындалган жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоонун өзгөчөлүктөрү жөнүндө жаштардын маалыматтуулугун жогорулатуу жана аларга катышуусун активдештирүү. Шайлоочулар менен ар түрдүү формадагы жолугушуулар Кара-Кулжа районунун Кара-Кулжа айылында, Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айылында, Алай районунун Гүлчө айылында болуп өттү.

Бул маалыматтык жолугушуулар Кыргызстан элдеринин Ассамблеясы, Саясий өнүктүрүү институту жана анын өнөктөштөрү, жаштардын «Кыргызстан Жаштар кыймылы» менен биргеликте КР БШК тарабынан уюштурулду. Мындай жолугушууларды уюштурууда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери активдүү көмөк көрсөтүштү.

Маалыматтык жолугушууларга региондо жашаган этникалык коомдоордун өкүлдөрү да катышты. Жолугушууларда өткөрүлгөн административдик-аймактык реформанын максаты жана жыйынтыктары, регионду социалдык-экономикалык өнүктүрүү үчүн алдыда турган шайлоонун маанилүүлүгү түшүндүрүлдү.

Шайлануучу органдар ар бир жаран үчүн маанилүү жана анын жашоосуна таасир этет.

Жергиликтүү кеңеш жергиликтүү бюджеттерди жана жергиликтүү жамааттарды өнүктүрүү программаларын бекитет, жергиликутүү жамааттардын жашоосунун сапатына таасир этет.

Жогоруда көрсөтүлгөн функцияларды ким жана кандай аткараары – шайлоо аркылуу чечилет. Шайлоого активдүү катышуу мамлекеттин жана жергиликтүү жамааттын өнүгүшүнө таасир этет.

А. Жумалиева жергиликтүү депутаттардын ролун күчөтүүгө, ошондой эле катталган жеринен алыста жашаган шайлоочулар үчүн киргизилген аралыктан добуш берүүнүн мүмкүнчүлүктөрүнө багытталган шайлоо мыйзамдарындагы өзгөртүүлөргө да өзгөчө көңүл бурду.