КР БШК жана Meta: Фейсбукта үгүт иштеринин ачык-айкындуулугун камсыз кылуу боюнча кызматташуу

05 ноября 2024

2024-жылдын 4-ноябрында Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын демилгеси менен Борбордук Азиядагы программаларды ишке ашырууга жооптуу Facebook өкүлдөрү менен онлайн жолугушуу болуп өттү. Жолугушуу Гуманитардык диалог борборунун көмөгү менен “Жарандык интернет саясаты” коомдук фонду тарабынан уюштурулду.

Куттуктоо сөзүндө КР БШКнын тѳрагасы Н.Шайлдабекова социалдык тармактарда үгүт жүргүзүү эрежелерин сактоого көмөктөшүү боюнча натыйжалуу кызматташуусу үчүн Facebook жамаатына ыраазычылык билдирди.

КР БШК бир катар жылдардан бери шайлоого катышуучу талапкерлердин тизмесин жөнөтүү менен мыйзамдын талаптарына ылайык Facebook социалдык тармагындагы саясий жарнактарды каржылоонун ачык-айкындуулугуна мониторинг жүргүзүп келет. «Биз жарнак таркатылып жаткан аккаунттардын аныктыгын текшерүү жана аларды Meta тарабынан авторлоштуруу эрежелерди сактоо боюнча кыйла таасирдүү чаралар экенине ынандык. Алдыдагы шайлоого катыша турган бардык талапкерлердин жана партиялардын тизмесин Фейсбукка жөнөттүк», - деп баса белгиледи Н.Шайлдабекова.

Фейсбук менен өз ара аракеттенүү аркылуу партиялар жана талапкерлер саясий жарнак таратуучу катары аныкталышы мүмкүн жана алар белгиленген эрежелерди сактоого милдеттүү. Бул жалган маалыматтарды, башка талапкерлердин ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирген материалдарды, ошондой эле социалдык жана этникалык кастыкты козутууга багытталган же экстремисттик билдирүүлөрдү камтыган материалдарды жайылтууга тыюу салууну ѳзүнѳ камтыйт.

Социалдык тармактарда партиялар жана талапкерлер тарабынан үгүт жүргүзүү эрежелеринин сакталышына мониторинг жүргүзүүнү БШКнын маалымат жана үгүт иштери боюнча жумушчу тобу, ошондой эле жакында түзүлгөн Кыргыз Республикасындагы шайлоолорду даярдоо жана ѳткѳрүү учурунда социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүү боюнча коомдук кеңеш жүргүзөрү белгиленди, анын курамына медиа уюмдарынын, журналисттик бирикмелердин, ЖМКлардын, блоггерлердин жана медиа-эксперттердин өкүлдөрү кирген.

Meta (Facebook) Борбор Азия жана Шри-Ланка боюнча коомдук саясат бөлүмүнүн башчысы Сенура Абейварден Meta Кыргызстан жана Борбордук шайлоо комиссиясы менен кызматташууга кубанычта экенин белгиледи. «Айкындуулук чаралары – биз дайыма жаңылап туруучу ѳтѳ маанилүү инструмент», - деди ал.

Meta Facebook платформасында таза шайлоону камсыз кылууда шайлоо кызматкерлерин колдоого багытталган ички саясатты жүргүзүп келет. Бул үчүн жарнак китепканасы түзүлүп, анда ​​талапкерлердин жана саясий партиялардын аккаунттары авторлоштурулган саясий жарнактар жайгаштырылат, ошондой эле каражат булактарын кошуу менен каржылоо жѳнүндѳ маалыматтар жазылат.

Meta санариптик китепкана КР БШК үчүн маанилүү инструмент болуп саналат, ал Facebook колдонуучуларынын катталган аккаунттарынан келип түшкөн саясий жарнактарга мониторинг жүргүзүү үчүн бардык зарыл маалыматтарга жетүүнү камсыз кылат.

Шайлоо ѳнѳктүгүнүн кыска мөөнөттүү мүнөзүн эске алуу менен, суроо-талаптар ыкчам, күнү-түнү, ал эми кээ бир учурларда андан да кыска мөөнөттө каралат. «Биз БШК сыяктуу ыйгарым укуктуу органдын билдирүүсүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарын бузган, бурмалоого алып келген же шайлоочуларды адаштырган жана шайлоонун легитимдүүлүгүнө шек келтирген бардык контентти карап чыга алабыз. Эгерде биз фактылар тастыкталган расмий катты алсак, биздин Facebook корпоративджик эрежелерин текшерүү боюнча комитет ар бир ишти жекече карап чыгат. Биз шайлоонун тазалыгы жана ачык-айкындыгы маселелерине өтө олуттуу мамиле жасайбыз», - деди Meta өкүлү.

КР БШКнын төрагасы Meta өкүлдөрүнө арыздарды жеке негизде кароого даяр экендиктерине ыраазычылык билдирди. «Бүгүнкү жолугушуунун өзү ѳтѳ маанилүү, ал шайлоонун бардык катышуучуларына маалыматтык каражаттарды мыйзамдуу жана акыйкат колдонуу зарылдыгын эскертет», - деп баса белгиледи сөзүнүн соңунда Н.Шайлдабекова.

Маалымат иретинде: Бардык саясий жарнактар Жарнама китепканасына кошулган, ​​ага www.facebook.com/ads/library/report дареги боюнча жетүүгѳ болот, анын жогорку бетинен Кыргызстан өлкөсүн тандоо керек.