Жергиликтүү кеңештин депутаты Б.С. Дүйшеналиев тууралуу Токтогул АШКнын маалыматы жөнундө

04 ноября 2024

2024-жылдын 4-ноябрында Токтогул аймактык шайлоо комиссиясына Жалал-Абад ОИИБ тарабынан жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкер Б.С. Дүйшеналиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү боюнча кайрылуу келип түшкөн.

Кайрылууга ылайык жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерге карата мурда камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы колдонулган (соттун 2024-жылдын 2-ноябрындагы токтомунун негизинде).

Жалал-Абад ОИИБнын маалыматына ылайык, Жалал-Абад ОИИБнын Тергөө кызматынын тергөөчүсү тарабынан бөгөт коюу чарасын башка жакка чыкпоо жөнүндө кол коюу менен өзгөртүү жөнүндө Жалал-Абад шаардык сотуна өтүнүч келтирген.

2024-жылдын 4-ноябрында кечки убакта келип түшкөн кошумча маалыматка ылайык Жалал-Абад шаардык соту Жалал-Абад ОИИБнын Тергөө кызматынын тергөөчүсүнүн өтүнүчүн канаттандырып, мурда коюлган камакка алуу чарасы өзгөртүлгөн жана сот залынан камактан бошоткон.

Кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө кайрылуу Токтогул АШК тарабынан каралууда.