БШК аралыктан добуш берүү үчүн арыздарды жеринде кабыл алууну уюштурду

03 ноября 2024

3-ноябрда КР Борбордук шайлоо комиссиясы 17-ноябрга дайындалган жергиликтүү кеңештерге шайлоодо аралыктан добуш берүү үчүн арыздарды жеринде кабыл алууну уюштурду. Арыздар Чүй облусунун Сокулук районундагы Прогресс дача айылында кабыл алынды.

Прогресс айылында аралыктан добуш берүүгө арыздарды кабыл алуу өлкөнүн ар кайсы облустарынан көчүп келген тургундардын өздөрүнүн өтүнүчү менен уюштурулган. Кичи мекенине барып, катталган жериндеги урнага шайлоо бюллетенин салуу оорчулук жаратары түшүнүктүү. Ошондуктан алар өздөрүнүн тандоосу аркылуу туулган аймагынын өнүгүшүнө оң таасирин тийгизерин түшүнүшөт. Аралыктан добуш берүү мүмкүнчүлүгү аларга жергиликтүү кеңештерге татыктуу жана компетенттүү депутатты тандоого катышууга мүмкүндүк берет.

Алардын бири Баткен облусундагы Лейлек районунун тургуну Соулбек Кумарбаев ар бир жаран шайлоого катышуусу керек деп эсептейт: “Ар бирибиз патриот болушубуз керек, өзүбүздүн кичи мекенибизге, бүткүл Кыргызстандын өнүгүшүнө салым кошушуубуз керек. Мурда добуш бере алчу эмесмин, анткени менин айылыма чейин 1200 км. аралык жатат, ал жерге жетүү үчүн убакыт да, жол кире да керек эле, жумуштан да бошонуу зарыл. Эми болсо аралыктан добуш берүүгө болот. Бул ыңгайлуу, мен өзүмдүн талапкеримди – эл үчүн иштей турган, мен ишенген, келечектен үмүттѳндүргѳн адамды ушул жерден эле тандайм”, - дейт.

Нарын облусундагы Ат-Башы районунан Бакыт Молдобаев жергиликтүү кеңештерге аралыктан добуш берүүгѳ сөзсүз барарын билдирди: «Мурда мен, албетте, патриоттук сезимим менен добуш бергим келчү, бирок шайлоого катыша алган жокмун. Аткени ал үчүн атайын айылыма баруу кыйын болду. Бирок биздин добушубузду пайдаланып кеткенин да кѳрдүк. Эми өнүгүү үчүн иштей турган, өзүң жактыргандарды тандоого шарт түзүлдү. Ким эмнеге жөндөмдүү, ким кандай иштей ала турганын эл билет. Татыктууларды тандабасак, өнүгүү болбойт – мурдагыдай болот. Ал эми укугубузду колдонсок, жакшы адамдар келет, өнүгүү болот”.

Айылдын төрагасы Нургүл Ысамамбетованын айтымында, бүгүнкү күндө айылда 200гө жакын кожолук бар, алардын ар биринде 3-5тен шайлоо жашына жеткендер бар. «Ички миграцияга байланыштуу баарыбыз бул жакка ар кайсы аймактардан келгенбиз. Анан канча жылдан бери шайлоого катыша албай, жарандык позициябызды билдире албай жүрдүк. Биринчиден, туулуп-өскөн жерлерине барууга убакыт жок, экинчиден жол киреге акча жок. Ошондуктан биз бүткүл айылыбыз менен ушундайча чечип, КР БШКга кайрылдык“ - дейт ал.

КР БШК кыргызстандыктардын айылдык жана шаардык кеңештерге өздөрүнүн татыктуу талапкерлерин колдоо укугун камсыз кылууну маанилүү деп эсептейт. Добуш берүү процессине катышууну каалагандардын баарына жеткиликтүү болушу үчүн бардык аракеттер көрүлүүдө.

КР БШК Прогресс айылына 4 адисин жөнөтүп, арыздарды кабыл алуу үчүн бардык керектүү жабдыктар менен жабдылды. Би күндүн ичинде эле бир нече ондогон адамдардан арыз келип тушту. Иштелип чыккандан кийин алардын маалыматтары аралыктан добуш берүү боюнча шайлоо участкасында иштеген шайлоо комиссиясынын тизмесине киргизилет. 17-ноябрда шайлоо комиссиясы алардын баарын Бишкек шаарындагы Фрунзе кѳч., 547, Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин башкы имаратында күтүп алат.